Меню навигации+

Жаңылыктар

11.09.2013
«Кыргызстандын юристтери ассоциациясы» коомдук бирикмеси, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту менен бирдикте  ишке ашырылып жаткан «Сот актыларынын жана сот жыйындарынын калк үчүн  ачыктыгын, айкындыгын жана жеткиликтүүлүгүн камсыздоо аркылуу жарандардын сотторго болгон ишенимин бекемдөө» долбоорунун алкагында,  11-сентябрда  «www.sot.kg» интернет-ресурсунда  сот актыларын жана сот жыйындары жөнүндө маалыматтарды жарыялоо процессин баалоонун жана  мониторингдин  орто аралык жыйынтыктарын талкулоо  темасында тегерек стол болуп өттү. Continue reading “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялары тегерек столго катышты” »
03.09.2013
3-сент Торага Конст палата судьялары 2
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Асылбек Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын шайланган судьяларына күбөлүктөрдү тапшырды. А. Жээнбеков сот системанын көз карандысыздыгынын маанилүүлүгүн белгилеп, Жогорку Кеңештин стратегиялык милдети болуп өлкөнүн судьяларынын көз карандысыздыгын камсыз кылуу экендигин айтты. Continue reading “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын шайланган судьяларына күбѳлүктөр тапшырылды” »
21.08.2013
Конституциялык палатанын төрагасы М.Ш. Касымалиев адам укуктары боюнча БУУнун  Жогорку комиссарынын башкармалыгынын Борбордук Азия боюнча  аймактык өкүлү Армен  Арутюнянды кабыл алды. Жолугушууда  Кыргыз Республикасындагы конституциялык сот адилеттүүлүгүнүн  азыркы өнүгүүсүнүн маселелери талкууланды жана мындан аркы кызматташуунун программасы белгиленди.
20.08.2013
Конституциялык палатанын аппаратындагы ваканттык административдик мамлекеттик кызматтарга өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгы боюнча аппараттын жетекчисинин буйругу менен Конституциялык палатанын аппаратынын мамлекеттик кызматкерлери дайындалды. Жаӊы түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын аппараты өзүнүн милдеттерин аткарууга киришти.
20.07.2013
Конституциялык палатанын аппаратындагы ваканттык административдик мамлекеттик кызматтарга сынак жарыяланды. Continue reading “Конституциялык палатанын аппаратындагы ваканттык административдик мамлекеттик кызматтарга сынак жарыяланды” »
06.07.2013
6534
Бүгүн «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Президент Алмазбек Атамбаевдин Конституциялык палатанын судьялары менен жолугушуусу болду. Президент судьяларды Конституциялык палатанын ишинин башталышы менен куттуктап, жаӊы шайланган Конституциялык палатанын курамы Кыргыз Республикасынын Конституциясына ак ниет жана жан дили менен кызмат кылат, конституциялык мыйзамдуулуктун принциптерин милдеттүү түрдө колдонот жана жарандардын конституциялык укуктары менен эркиндигин эффективдүү коргойт деген үмүтүн билдирди. Continue reading “Президент Алмазбек Атамбаевдин Конституциялык палатанын судьялары менен жолугушуусу болду” »
05.07.2013
4
Конституциялык палатанын судьялары Ч. Айдарбекова жана К. Сооронкулова Европа Кеңешинин министрлер комитетинде Армениянын төрагалык болуусунун алкагында Ереван шаарында өтүп жаткан «Европа Кеңешинин мүчө-мамлекеттеринде укуктун үстөмдүгүнүн Европалык стандарттары жана бийликтин ыктыярынын чеги»  эл аралык конференцияга катышып келишти. Конференциянын ишине адам укуктары боюнча Европалык соттун төрагасы Д. Шпильман, Венециялык комиссиянын төрагасы  Дж.Буккикио, ошондой эле 32 мамлекеттен жана эл аралык уюмдардан 80ден ашык өкүлдөр катышышкан. Continue reading “Конституциялык палатанын судьялары эл аралык конференцияга катышты” »
02.07.2013
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Аппаратынын жетекчиси дайындалды. Чилдебаев Таштемир Абазович Конституциялык палатанын  төрагасынын буйругу менен аппаратты жетектеди.
01.07.2013
2
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьяларынын Конституциялык палатанын төрагасын, төраганын орун басарын, судья-катчыны шайлоо боюнча биринчи жыйыны болуп өттү. Кыргызстанда конституциялык көзөмөлдү жүргүзүүчү жогорку сот органынын тарыхында биринчи жолу жетекчи кызмат адамдары түздөн-түз судьялар тараптан шайланышты. Continue reading “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьяларынын биринчи жыйыны болуп өттү” »
28.06.2013
«Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы күчүнө кирди. Continue reading “«Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы күчүнө кирди” »