Меню навигации+

Вильнюста Конституциялык сот адилеттиги боюнча Бүткүл дүйнөлүк конференциянын конгресси өтүүдө

13.09.2017

1505226939-1006

Конституциялык палатанын Төрагасы Эркинбек Мамыров жана судья-катчы Меергуль Бобукеева Вильнюста (Литва) өтүп жаткан «Азыркы дүйнөдө укук үстөмдүгү жана конституциялык сот адилеттиги» темасындагы Конституциялык сот адилеттиги боюнча Бүткүл дүйнөлүк конференциянын IV конгрессинин ишине катышууда.

 

Конгресс учурдагы жылдын 11-сентябрында башталды, Литва Республикасынын Президенти Даля Грибаускайте аны өзү ачты.

 

Иш-чаранын максаты конституциялык сот адилеттиги органдарынын судьяларынын диалогуна эл аралык деңгээлде көмөк көрсөтүү, ошондой эле демократиянын жана адам укуктарын коргоонун өзөгү катары конституциялык сот адилеттигин бекемдөө болуп саналат.

 

Укук аркылуу демократияга Европа комиссиясы (Венеция комиссиясы) менен бирге Литва Конституциялык соту уюштурган Конгрессте дүйнөнүн 91 өлкөсүнөн 420 ашуун конок келип катышууда.

 

Конгресстин беш сессиясы алкагында укук үстөмдүгүнүн ар кандай концепциялары, укук үстөмдүгүнө болгон жаңы чакырыктар, ошондой эле мыйзам жана мамлекеттин, мыйзам жана жеке укуктардын өз ара байланышы, ошондой эле адамдын конституциялык укуктарынын коргоосун камсыздоодо конституциялык сот адилеттиги органдарынын көз карандысыздыгынын мааниси талкууланат.

 

Конгресстин жыйынтыктары боюнча Вильнюс коммюникесин кабыл алуу каралууда.

 

Эскерте кетсек, Конституциялык сот адилеттиги боюнча Бүткүл дүйнөлүк конференция – бул бүткүл дүйнө жүзүндөгү мамлекеттеринин конституциялык контролдоо органдарын бириктирүүчү уюм. Ага Европа, Африка, Түндүк жана Түштүк Америка, Азия жана Австралиядан 111 ушул сыяктуу орган кирет. Конституциялык адилет соту боюнча Бүткүл дүйнөлүк конференциянын конгресстери ар үч жыл сайын ар кайсы материктерде өткөрүлөт. Биринчи Конгресс 2009-жылы Кейпатунда (ТАР) өткөрүлгөн, кийинки конгресстер Рио-де-Жанейро (Бразилия) жана Сеулда (Корея) өткөрүлгөн.