Меню навигации+

Карылар күнүндө Конституциялык палатанын Аппарат кызматкерлери жалгыз бой жашаган пенсионерлер менен улгайган адамдарга жардам көрсөтүштү

02.10.2017

image1 (4)

1-октябрь күнү кыргызстандыктар Карылар күнүн белгилешти.  Карылар күнү – бул боорукердик менен жарык маанай тартуулаган күн, ушул күнү ата-энелерге өзгөчө көңүл бурулат. Бүгүнүк күндө бул майрам өтө маанилүү, анткени ушул майрам аркылуу азыркы коомдогу улгайган адамдардын көптөгөн көйгөйлөрүнө көпчүлүктүн көңүлүн бурса болот.

 

Көңүлдүн борборунда жашоо-тиричилиги эптеп өтүп жаткан улгайган жарандардын, жалгыз бой пенсионерлердин жана майыптардын кызыкчылыктары, аларга материалдык, социалдык-тиричилик жана башка жардам көрсөтүү маселелери турат.

 

Ушуга байланыштуу, 29-сентябрь күнү Конституциялык палатанын Аппарат кызматкерлери жалгыз бой начар турган пенсионерлерди жана улгайган адамдарды көрүп, аларга азык-түлүк баштыгын берип келишти. Азык-түлүк баштыгына макарондун жасалгалары, күрүч, гречка даны, консервалар, суу май, чай, шекер, таттуу, печенье, коюлтулган сүт, тоок кирет.

 

Улгайган адамдарга жардам көрсөтүү Конституциялык палатанын Аппарат кызматкерлери өзүнүн демилгеси жана өзүнүн каражаттарынын эсебинен жардам берилгенин белгилейбиз.