Меню навигации+

Жарандык процесстик кодекстин 102-беренесинин 1-бөлүгүнүн, 135-беренесинин 2-пунктунун, 138-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пунктунун, 249-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи жана жетинчи абзацтарынын, 325-беренесинин 5-бөлүгүнүн, 329-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунун, 354-беренесинин 5-бөлүгүнүн, 357-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз

24.01.2018

Конституциялык палата 2018-жылдын 24-январында Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин арыздарды, аппеляциялык жана кассациялык даттанууларды берүүдө мамлекеттик алымды төлөө милдеттүүлүгү, ошондой эле берилген арыздарды, аппеляциялык жана кассациялык даттанууларды мамлекеттик алымдын төлөнгөндүгү туурасында далили болбогон учурда аларды кайтарып берүү бөлүгүндөгү 102-беренесинин 1-бөлүгүнүн, 135-беренесинин 2-пунктунун, 138-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пунктунун, 249-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи жана жетинчи абзацтарынын, 325-беренесинин 5-бөлүгүнүн, 329-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунун, 354-беренесинин 5-бөлүгүнүн, 357-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык соттук отурумда карап чыкты.

 

Конституциялык палата өзүнүн чечимдерин кийинкидей тыянактар менен негиздеп берди.

 

 Соттук коргоого укуктун жүзөгө ашырылуусунун маанилүү бөлүгү соттук коргоонун жеткиликтүүлүгү, ал өз кезегинде кандайдыр бир чектөөсүз соттук коргоого жетишүү үчүн мамлекет тарабынан шарттардын түзүлүшүн болжойт. Мындай шарттар болуп, соттордун калкка аймактык жакындык менен бирге, иштерди кароонун акылга сыяр мөөнөттөрү жана акылга сыяр соттук чыгымдар да кирет.

 

Соттук чыгымдар мамлекеттик алымдардан жана ишти сотто кароого байланыштуу чыгымдардан куралат. Мамлекеттик алымды жыйнап алуу компенсациялык жана алдын алуучулук максаттарды көздөйт, ал сотторду камсыздоого бөлүнгөн мамлекеттик каражаттардын бир бөлүгүнүн ордун тургузууга жумшалат, ошондой эле ниети таза эмес адамдардын сотко негизсиз кайрылууларын алдын алат.

 

Жарандын процесстик кодексинин талашылып жаткан ченемдик жоболору сотко кайрылуу үчүн мамлекеттик алымды төлөөнү белгилейт, ал жарандык ишти сотто козгоо үчүн зарыл болгон шарт катары кодонулат. Ошону менен бирге, кызыкдар адамдын андай милдеттенмени аткаруу үчүн мүмкүнчүлүг болбогон учурда ала ага соттук коргоо укугунан пайдаланууга тоскоолдук туудурбашы керек, анткени мындай жагдай адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктеринин соттук коргоосун кепилдеген Конститиуциянын жоболоруна карама-каршы келип калмак. Ушуга байланыштуу, мыйзам чыгаруучу айрым субъектилерди мамлекеттик алымдын толугу менен же бир бөлүгүн төлөөдөн ажыратып, ошондой эле аны төлөөдө кийинки мөөнөткө калтыруу же узартып төлөө мүмкүндүгүн берген.

 

Адамдын төлөө мүмкүндүгүн чектөө катары мамлекеттик алымдын өлчөмү да маанилүү факторду ойнойт. Мамлекеттик алым жөнүндө мыйзамдарга ылайык мамлекеттик алымдын өлчөмдөрүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет («Мамлекеттик алым жөнүндө» Мыйзамдын 4-беренеси).

 

Мамлекеттик алымдын өлчөмдөрү орундуу болуу керек жана анын өлчөмү адилет сотко жетишүү үчүн чыныгы тоскоолдукка айланбашы керек. Демек, өзүнүн бузулган укуктарын коргоо үчүн сотко кайрылган адамдын жана адилет соттун ортосундагы орундуу балансты аныктоо үчүн мыйзам чыгаруучу мамлекеттик алымдын орундуу өлчөмүн аныктап, аны төлөө боюнча жеңилдиктердин так тартибин берүүсү зарыл шарт болуп саналат.

 

Жарандык иштер боюнча сотко кайрылууда мамлекеттик алымды төлөө боюнча талаптарды орнотуу маселеси мыйзам чыгаруучунун тескемеси болуп саналат жана адилет сотко жетишүү үчүн укукту бузуу болуп саналбайт, адамдын соттук коргоо укугун жана ишин жогору турган соттон кайталап каратуу укугун чектебейт.

 

 

Тѳрагалык кылган        Эркинбек Мамыров

Судья-баяндамачы       Чинара Айдарбекова