Меню навигации+

Конституциялык палата Түштүк Кореядагы кесиптештер менен өзүнүн IT инфратүзүмүн жакшыртуу маселелерин талкуулайт

29.08.2017

IMG_6535

Учурдагы жылдын 28-августунда Конституциялык палатага жумушчу иш-сапары менен Корея Республикасынын Конституциялык сотунун делегациясы келди. Курамында Кореядагы IT технологиялар боюнча жеке сектордун ѳкүлдѳрү болгон бул делегацияны Конституциялык соттун маалыматтар технологиясы бөлүмүнүн директору Чой Джонсу мырза баштап келди.

 

Конституциялык палатанын Аппарат жетекчиси М. Джаманкулов жана Конституциялык палатанын аппарат кызматкерлери катышкан жумушчу кеңешмеде тараптар Конституциялык палатанын маалыматтык-технологиялык тутумун өнүктүрүү жана ODA KOICA программасы алкагында Маалыматтык-стратегиялык планды иштеп чыгуу жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты.

 

Конституциялык палатанын Аппарат жетекчиси өзүнүн саламдашуу сөзүндө Конституциялык палатанын ишмерлигин маалыматташтыруу аркылуу Кыргыз Республикасындагы конституциялык адилет сотту өркүндөтүүгө арттырган кызыкчылыгы үчүн корей делегациясына ыраазычылык билдирди. Конституциялык палатанын Аппарат жетекчиси Кореянын Конституциялык сотунун Конституциялык палатанын аппарат кызматкерлеринин маалыматтар технологиялары жаатында квалификациясын жогорулатууга көрсөткөн колдоосун да белгилеп кетти. “Корея бүгүнкү күндө жогорку технологиялар мамлекети болуп саналат, Кореянын Конституциялык сотунун электрондук сот адилети дүйнөдөгү мыкты тутумдардын бири болуп саналат. Конституциялык палата дагы, азыркы учурда маалыматтар технологияларынын ролун түшүнүп, сот өндүрүшүнө маалыматтар технологияларын киргизүүгө кызыкдар” – деп Марат Джаманкулов айтты.

 

Өз кезегинде, Чой Джонсу мырза эки өлкөнүн соттору ортосундагы мындай кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп кетти жана учурдагы жылдын 17-23-сентябрларында Сеул шаарында өтө турган окутуу семинарына Конституциялык палатанын дагы эки кызматкеринин катышуусу тууралуу маалымат берди.

 

Түштүк Кореянын делегациясы Бишкек шаарында 30-августка чейин болот. Ушул убакыттын арасында Конституциялык палатанын учурдагы IT системасын жана конституциялык сот ѳндүрүшүндѳгү маалыматташтыруу процесстерин изилдѳѳ пландаштырылууда. Анын жыйынтыгында Эл аралык кызматташуу боюнча кореялык агентствонун (KOICA) гранттык программасынын алкагында каржылоону алыш үчүн долбоордун концепциясын иштеп чыгуу боюнча биргеликте иш алып барылат.

 

Белгилеп кетсек, мындай долбоорду корея тарап Монголиянын Конституциялык сотунда ийгиликтүү ишке ашырган.