Меню навигации+

Конституциялык палатанын төрагасы Э.Т. Мамыровдун жана Корей Республикасынын Өзгөчө жана Ыйгарым укуктуу элчиси менен жолугушуу болуп өттү

27.05.2019

миниатюра

Бүгүн Конституциялык палатанын төрагасы Э.Т. Мамыровдун Корей Республикасынын Өзгөчө жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ха Тэ Ёк мырза менен жолугушуу болуп өттү.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө Конституциялык  палатанын төрагасы Э.Т. Мамыров Кыргыз Республикасынын жана Корей Республикасынын конституциялык контролдоо органдары ортосунда тыгыз жана достук мамилелер түзүлгөнүн белгилеп кетти. Төраганын пикири боюнча, бул мамилелер Кыргыз Республикасы жана Корей Республикасы ортосунда пикир жана тажрыйба алмашуу үчүн кошумча аянт болгон Азиялык конституциялык соттордун ассоциациясы алкагында дагы бекемделүүдө.

 

Конституциялык палатанын төрагасы Э.Т. Мамыров Конституциялык палата Кыргыз Республикасында конституциялык сот өндүрүшү алкагында интеллектуалдуу конституциялык сот тутумун түзүү боюнча Эл аралык кызматташтык боюнча Корей агенттигине (KOICA)  ушуга чейин билдирме таштаган болуучу деп Ха Тэ Ёк элчи мырзанын ушул маселеге көңүлүн бурган. Ушуга байланыштуу, төрага бул билдирме 2018-2040-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Улуттук стартегиясын өнүктүрүү милдеттирене ылайык өлкөнү санариптештирүүгө байланыштуу Конституциялык палата үчүн актуалдуу болуп саналарын белгилеген.

 

Өз кезегинде, Ха Тэ Ёк элчи мырза Конституциялык палата коомду жана мамлекетти демократизациялоодо маанилүү роль ойноорун жана ушул процессте жигердүү катышаарын белгилеп, мекеменин билдирмесин KOICAда андан ары илгерилетип жылдырууда консультативдик көмөк көрсөтүүгө толук даярдыгын билдирди.

 

Жолугушуунун аягында тараптар белгиленген маселелерде андан ары бекемдикти жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө үмүттөрүн билдиришти.