Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 259-беренесинин 2 жана 5-бөлүктөрүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз

13.01.2021

Конституциялык палата 2021-жылдын 13-январында Жазык-процесстик кодекстин 259-беренесинин 2 жана 5-бөлүктөрүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыгып, көрстөтүлгөн Кодекстин 259-беренесинин 2-бөлүгүн аны чечимдин жүйөлөмө бөлүгүндө баяндалган конституциялык-укуктук мааниде колдонулган шартында Конституцияга карама-каршы келбейт деп тапты, ошондой эле аталган Кодекстин 259-беренесинин 5-бөлүгү мүлккө камак салуу жөнүндө тергөө судьясынын токтомуна, анын ичинде ушул токтом менен кызыкчылыгы бузулган адамдар тарабынан даттануу келтирүү мүмкүнчүлүгү каралбаган бөлүгүндө Конституцияга карама-каршы келет деп таанылды.

 

Конституциялык палата өз чечиминде мүлктү камакка алуунун шашылыш мүнөзүнө жана буга байланыштуу бардык кызыкдар жактарга өз убагында кабарлоо мүмкүнчүлүгүнүн жоктугуна карабастан, соттор өз демилгеси менен келген жана камакка алуу жөнүндө сот актысы менен мүлктүк кызыкчылыктары козголушу мүмкүн болгон жактарга сот отурумуна катышуусууна баш тартууга укугу жок деп белгиледи. Болбосо, соттук коргонуу укугунан келип чыккан жана абсолюттук мүнөздөгү негизги салуучу конституциялык принциптердин бири болгон сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгү бузулат.

 

Ушуга байланыштуу, Конституциялык палата Жазык-процесстик кодекстин 259-беренесинин 2-бөлүгү жазык сот өндүрүшүнүн коомдук укуктук максаттарына жооп берет жана соттор тарабынан көрсөтүлгөн Кодекстин башка ченемдеринин негизинде кызыкдар адамдар үчүн сот адилеттигинин жеткиликтүүлүк принцибин бузбаган шартында, Конституцияга карама-каршы келбейт деп белгиледи.

 

Мындан тышкары, мүлктүн менчик ээлери камакка алынган мүлктүн алардын мүлкүндө пайда болушу менен шектүүнүн, айыпталуучунун кылмыш аракеттеринин ортосунда себеп-натыйжалаш байланыштын жоктугу жөнүндө жетиштүү негизделген жүйөлөрдү келтире алаарын эске алып, алардын сот отурумуна катышуусунун мүмкүн эместиги ар бир адамдын сот адилеттигине чыныгы жеткиликтүүлүгүнө конституциялык кепилдикти камсыздабайт. Жазык процессинин катышуучуларына, ошондой эле белгиленген категориядагы жактар мүлктү камакка алуу жөнүндө өтүнүчтү канааттандыруу жөнүндө тергөө судьясынын токтомуна даттануу укугунун берилбөөсүү, менчик ээсинин укуктарын коргоонун процессуалдык кепилдигисиз, мүлктү камакка алуу мүмкүнчүлүгүнө алып келет.

 

Жазык-процесстик кодекси менен, жазык сот өндүрүшүнүн негизги принциптеринин катарында, процесстик аракеттерге (аракетсиздиктерге) жана чечимдерге даттануу принциби белгиленет (21-берене), албетте ал ошондой эле шектүү же айыпталуучу эмес жактарга мындай укукту берүү менен, мүлктү камакка алуу жөнүндө тергөө судьясынын токтомуна даттануу маселесинде да ишке ашырылышы керек.

 

Жогоруда аталган тартиптин учурдагы укуктук жөнгө салуудагы кемчиликтери шектүүнүн, айыпталуучунун кылмыш аракеттери менен байланышы жок жактардын менчик укугунун жол берилбеген чектелишине алып келиши мүмкүн.

 

Ошентип, мүлктү камакка алууга, анын ичинде шектүү, айыпталуучу эмес же анын иш-аракеттери үчүн мыйзам боюнча материалдык жоопкерчиликти тарткан жак тарабынан даттануу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу, анын кол тийбестик принцибинен келип чыккан менчик укугунун жетиштүү корголушун, ошондой эле соттук коргоонуу кепилдигин, жазык сот өндүрүшүндөгү тараптардын атаандаштык жана тең укуктуулук принцибин камсыз кылбайт, ошондуктан Кыргыз Республикасынын Конституциясына шайкеш келет деп таанууга болбойт.