Меню навигации+

Конституциялык палатанын ишмердиги туурасында Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын билдирүүлөрү боюнча

18.12.2018

Айрым массалык маалымат каражаттарында, анын ичинде Кыргызстандын интернет ресурстарында, «КР Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору КР Жогорку Кеңешинде каралгандан кийин, айрым депуттар тарабынан Конституциялык палата «КР Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» КР Мыйзамынын 4 жана 12-беренелерин кароодо өзүнүн ыйгарым укуктар алкагынан чыгып кеткен, ошондой эле мыйзам чыгаруу органынын функцияларын да өзүнө тартып алган деп айтылып келүүдө.

 

Бул өңүттөгү сөздөр коомчулукту атайын эле жаңылтууда жана КР Конституциясына ылайык чечимдери акыркы жана даттанууга жатпай турган конституциялык контролдоонун жогорку сот органы болгон Конституциялык палатанын ишмердигин дискредитациялоого багытталган.

 

Конституциялык палата, мыйзамдар менен башка ченемдик укуктук актылардын Конституцияга ылайык келүүсүн аныктаган соттук конституциялык контролдоо органы катары, өз чечимдерин чыгарууда Конституциянын жоболорун гана жетекчиликке алат жана Баш мыйзамда орнотулган конституциялык идеялар менен баалуулуктардан келип чыгат. Башка процедуралык-уюштуруучулук маселелер «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамда жана анын Регламентинде аныкталган.

 

Ар бир сот органдарындагыдай эле, конституциялык сот өндүрүшүндө да жоопкерлер бар, жоопкер катары Конституциялык палатада конституциялуулугу талашылып жаткан актыларды чыгарган органдар келишет («Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 32-беренеси).

 

Демек, кайсы бир мыйзамдын ченемдери Конституцияга толугу менен же жарым-жартылай карама-каршы келет деп таанылган учурда же болбосо Конституциялык палатанын чечиминен укуктук жөнгө салуудагы кенемтени жоюу зарылдыгы келип чыкса, анда мыйзамдын талашылган ченемин Конституцияга ылайык келтирүү боюнча тапшырма аны чыгарган органга, б.а. Жогорку Кеңешке жөнөтүлөт. Ал эми «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамга Конституциялык палатанын чечимдерин аткаруу бөлүгүндө кирген акыркы өзгөртүүлөрдѳн улам, мындай тапшырмалар Өкмөткө берилет, анткени ал Конституциялык палатанын чечимдерин аткаруу үчүн тийиштүү мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана аларды Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү боюнча жооптуу орган катары дайындалган.

 

Ошентип, Конституциялык палата мыйзам чыгаруу органына же Өкмөткө тапшырма берүү менен өзүнүн ыйгарым укуктар алкагынан чыккан жок жана Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу ишмердигине кийилигишкен жок же Ѳкмөттүн каржы-чарба ишмердигине аралашкан жок, болгону ал тараптан чыгарылган ченемдик укуктук актыны Конституцияга ылайык келтирүү зарылдыгын гана көрсөтүүдө.

 

Конституциялык палата өз чечимдерин чыгарып жатып, мыйзам чыгаруудагы каталарды көрсөтѳт жана ошентип, мамлекеттин укуктук тутумун конституциялык тартипке келтирет.

 

Өз кезегинде, ченемди Конституцияга ылайык келбейт деп тааныган жана укуктук тутумга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылган чечимдер, аларды аткаруу процессинде кыйынчылыктарды туудурушу мүмкүн. Чечимди аткаруу жана өлкөдөгү конституциялык мыйзамдуулукту камсыз кылуу дал ушул ченемдик жөнгө салууга болгон өзгөртүүлөрдүн зарылчылыгына жана түрүнө кѳз каранды.

 

Колдонуудагы ченемдерге түзѳтүүлѳрдү киргизүү же ченемдик жөнгө салууну толуктоо менен жаңы укуктук ченемди кабыл алуу ченем жаратуучунун милдети, бул Конституциялык палатанын чечимдерин аткаруунун өбөлгөсү болуп саналат.

 

Ошентип, Конституциялык палатынын чечимдеринде баяндалган мыйзам чыгаруучунун дарегине болгон көрсөтмөлөр, биринчи кезекте, анын чечимдерин аткарууга багытталган.

 

Демек, тиешелүү ченемдик жөнгө салуу зарылдыгы жөнүндө Конституциялык палатанын тыянактары да милдеттүү күчкѳ ээ, анткени Конституциялык палата аларды баяндоодо Конституциянын ченемдеринин мазмунун тек конституциялык контролдоонун алкагында ачып берет. Ушуга байланыштуу, чечимди аткарууга байланыштуу маселелерди аныктоо укугу мамлекеттин Баш мыйзамынын 6-беренеси менен кепилденген Конституциянын үстөмдүк принцибинен, Конституциянын 97-беренесинде белгиленген конституциялык контролдоонун соттук органы катары Конституциялык палатанын ыйгарымдарынан, ошондой эле Конституциялык палата ѳз актысын (чечимин) аткаруунун тартибин жана ѳзгѳчүлүктѳрүн кѳрсѳтүүгѳ укуктуу деп белгилеген «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 48-беренесинин 14-пунктунан жана Конституциялык палатанын чечимдерин аткаруунун тартибин аныктаган аталган конституциялык Мыйзамдын 52-беренесинен келип чыгаарын белгилей кетүү зарыл.

 

Конституциялык палата ченемдик укутук актылардын Конституциянын жоболоруна ылайык келүүсүн баалоодо, Конституциянын үстөмдүк принцибин жүзөгө ашырат, ошентип конституциялык калыстык камсыздалат. Конституция да, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамы да Конституциялык паталага кайсы бир мыйзамдын же башка ченемдик укуктук актынын Конституциянын жоболоруна ылайык келүүсүн баалоодон баш тартууга укук бербейт, ошондой эле эч кимге Конституциялык палатага өз функцияларын аткарууга тыюу салуу же ага жүктөлгөн функцияларды жүзөгө ашырууда аны чектөө укугун бербейт.

 

Парламентарийлердин бири Жогорку Кеңеште өзүнүн мыйзам долбоорун жактоодо чыгып сүйлѳгѳн сѳзүндѳ, Конституциялык палата жаран Т.Дж. Уметалиеванын арызы боюнча Конституциялык палата тарабынан кабыл алынган акт менен өз жүйөлөрүн негиздеп, Конституцияга түзѳтүүлѳрдү киргизүү туурасында ар кандай чечмелеген деп билдирген.

 

Ушуга байланыштуу Конституциялык палата кийинкиге көңүл бурат.

 

Конституциялык палатанын судьялар коллегиясы тарабынан  2014-жылдын 9-июлунда жаран Т.Дж. Уметалиеванын «Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө» Мыйзамды конституциялык эмес деп таануу жөнүндө өтүнүчүн өндүрүшкө алуудан баш тартылган. Кийин Т.Дж. Уметалиева коллегиянын аныктамасына Конституциялык палатага даттанган. Конституциялык палатанын 2014-жылдын 25-сентябрындагы токтому менен жаран Т.Дж. Уметалиеванын судьялар коллегиясынын аныктамасын жокко чыгаруу жөнүндө даттануусу канааттандыруусуз калтырылган. Мында, Конституциялык палата өз токтомунда «Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө» Мыйзам эл бийлигинин жогорку жана түздөн-түз билдирүүсүнүн жыйынтыгы болуп саналат да, Конституция менен органикалык бирдикте болуп, конституциялуулугу талашылышы мүмкүн эмес деп белгилеген.

 

Конституциялык палатанын көрсөтүлгөн актылары Кыргыз Республикасынын Конституциясына 2020-жылдын 1-сентябрына чейин өзгөртүүлөрдү киргизүүгө мүмкүн эместиги туурасында кандайдыр бир жоболорду камтыбай турганын белгилейбиз. Ошондуктан бир эле маселе боюнча ар кандай укуктук көз караштардын бар экендиги тууралуу айрым депуттардын сөздөрү чындыкка туура келбейт. Конституциялык палатанын токтомунун тексти менен анын расмий сайтынын «Актылар-Токтомдор» бөлүмүнөн таанышсаңыздар болот.