Меню навигации+

Жаңылыктар

17.03.2014
13-14-мартта конституциялык сот өндүрүшү боюнча эксперттик жолугушуулар болуп өттү. Эки күндүн ичинде Хорватия, Молдова жана Румыниядан келген конституциялык сот өндүрүшү тармагындагы эксперттер Кыргызстандын Конституциялык палатасынын судьялары жана кызматкерлери менен өздөрүнүн тажрыйба жана билимдери менен бөлүшүштү. Continue reading “Александру Тэнасе, Молдованын Конституциялык сотунун төрагасы Кыргызстандагы сот өндүрүшүнүн өнүгүүсүнүн келчегин жогору баалады” »
12.03.2014
IMG_0725
Бүгүн 12-мартта, Конституциялык палатаны колдоого багытталган долбоорлор боюнча Долбоордук Жетектөөчү Комитеттин жыйналышы өткөрүлдү. Жолугушууга төрага Мукамбет Касымалиев башында турган Конституциялык палатанын судьялары, Конституциялык палатанын Аппаратынын кызматкерлери, Европа Союзунун өкүлү Клаудия Хок, Европа Кеңешинин Венециандык комиссиясынын өкүлү Светлана Анисимова, БУУнун Ѳнүктүрүү программасынын өкүлү Эркин Касыбеков жана долбоордун башка катышуучулары катышты. Continue reading “Конституциялык палатаны колдоого багытталган долбоорлор боюнча Долбоордук Жетектөөчү Комитеттин жыйналышы өткөрүлдү” »
26.02.2014
25-февралда «Прецедент» өнөктөш тобу тарабынан уюштурулган «Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын ишмердүүлүгүнүн мониторинги» темасында тегерек стол өткөрүлдү. Тегерек столдун ишинде жарандык коомдун, юридикалык коомчулуктун, сот корпусунун өкүлдөрү, бийликтин мыйзам чыгаруу бутагынын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Continue reading “«Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын ишмердүүлүгүнүн мониторинги» темасында тегерек стол өткөрүлдү” »
25.01.2014

 

Конституциялык палатанын Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин  34-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 1-пунктун текшерүү жѳнүндѳ иш боюнча 2014-жылдын 13-январында  кабыл алган  чечими, массалык маалымат каражаттарында кеңири талкууга алып келгендигине байланыштуу, Конституциялык палатанын судьялары тѳмѳнкүлѳрдү билдирип, кайрылууну туура кѳрдү.   Конституциянын үстѳмдүгүн бекитүү, конституциялык түзүлүштүн негиздерин, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоо Конституциялык сот адилеттигинин  максаты болуп саналат. Continue reading “Конституциялык палатанын судьяларынын кайрылуусу” »
13.12.2013
IMG_7515
11-12-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы үчүн коомчулук менен байланыштардын стратегиясын өнүктүрүү боюнча семинар болуп өттү, анда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялары, Конституциялык палатанын Аппаратынын кызматкерлери, Европа Кеңешинин Венециандык Комиссиясынын жана БУУнун ѳнүктүрүү Программасынын өкүлдөрү катышышты. Continue reading “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы үчүн коомчулук менен байланыштардын стратегиясын өнүктүрүү боюнча семинар” »
09.12.2013
_MG_0723
2013-жылдын 2-декабрынан 7-декабрга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 8 судьясы, Конституциялык палатанын Аппарат жетекчиси жана Конституциялык палатанын төрагасынын кеңешчиси Германия Федеративдик Республикасына (Хайдельберг ш.) жана Австрия Республикасына (Вена ш.) иш сапар менен барып келишти жана «Конституциялык көзөмөл, Конституцияны жана чыгарылган соттук чечимдерди чечмелөө методдору» аталышындагы конференцияга катышышты. Кыргызстандан барган делегациянын иш сапарынын кесиптик программасы «Кыргызстандагы жана Германиядагы конституциялык көзөмөлдү бекемдөө жана анын эл аралык келечеги» темасында болуп ѳттү. Continue reading “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын делегациясы Германия Федеративдик Республикасына жана Австрия Республикасына иш сапар менен барып келишти” »
20.11.2013
DSC_0068
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциялык палатасында 2013-жылдын 12-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жана USAID/IDLO Программасынын ортосундагы ѳз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жѳнүндѳ Меморандумдун алкагында  29 компьютердин жана принтерлердин комплектисин, 2 сервер жана башка кеӊсе жабдууларын салтанаттуу  тапшыруу  ѳттү. Continue reading “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жана USAID/IDLO Программасынын ортосундагы ѳз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жѳнүндѳ Меморандумдун алкагында компьютердик жана кеӊсе жабдууларын салтанаттуу тапшыруу ѳттү” »
15.11.2013
IMG_7395-001
13-ноябрдан 15-ноябрга чейин Чүй облусунун Калмак-Ашуу айылында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялары жана Аппаратынын кызматкерлери үчүн Европа Кеңешинин Венециялык комиссиясы жана БУУнун ѳнүктүрүү Программасы тарабынан ишке ашырылган жана Европа биримдиги менен каржыланган Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасын колдоо долбоорунун алкагында багыттоочу тренинг ѳткѳрүлдү. Continue reading “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялары жана Аппаратынын кызматкерлери үчүн багыттоочу тренинг ѳткѳрүлдү” »
30.10.2013
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасы курамында Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясына мүчө болгон мамлекеттердин депутаттары Андреас Гросс  (Швейцария), Анна Брассеур (Люксембург), Педро Аграмунт (Испания), Роберт Уолтер (Улуу Британия) жана Андрей Хунко (Германия) болгон Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясынын (ЕКПА) делегациясы  менен жолугушту. ЕКПАнын делегациясы Кыргызстанга ЕКПАда  Кыргызстандын “Демократия боюнча өнөктөштүк” статусун алуу тууралуу кыргыз тараптын демилгесин талкуулоо боюнча  саясий консультацияларды өткөрүү үчүн келген.  Continue reading “Конституциялык палатанын төрагасынын Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясынын делегациясы менен жолугушуусу болуп өттү” »
10.10.2013
фотография (1)
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Конституциялык палатанын судьяларынын курамында 5 адам  болгон  тобу үстүбүздѳгү  жылдын  26-сентябрынан 7-октябрына чейин АКШда иш-сапар менен болушту. Конституциялык палатадан бул иш-чарага  судьялар   Ч. Айдарбекова жана М. Бобукеева катышты. АКШга болгон иш-сапар  «Укуктун жогору болуусу» темасында болуп ѳттү. Continue reading “Конституциялык палатанын судьялары АКШнын сот системасы менен таанышты” »
10.10.2013
  11 111               Өнүгүү укугу боюнча эл аралык уюм ишке ашырган  Кыргыз Республикасында сот системасын бекемдөө боюнча USAID жана  ИДЛО программасы,  кызыктар тараптарды  төмөнкү товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жөнөтүүгө сынакка кайрадан катышууга чакырат: Continue reading “Кыргыз Республикасында сот системасын бекемдөө боюнча USAID жана ИДЛО программасы товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жөнөтүүгө кайрадан сынак жарыялайт” »
02.10.2013
1990-жылы 14-декабрда БУУнун Башкы Ассамблеясы  1-октябрды Эл аралык карылар күнү деп белгилѳѳнү токтом кылган. Бул майрам салтка ылайык Кыргызстанда дагы жыл сайын майрамдалып келет. Continue reading “Конституциялык палатада Эл аралык карылар күнү белгиленди” »
01.10.2013
7693
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында өлкөнүн Президентине караштуу Соттук реформа боюнча кеңештин кезектеги отуруму өткөрүлдү. Отурумга Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасынын орун басары Эркинбек Мамыров катышты. Continue reading “Соттук реформа боюнча кеңештин кезектеги отуруму өткөрүлдү” »
30.09.2013
cs_sem_1 (Large)
26-сентябрда Бишкекте Европалык Союз - Кыргыз Республикасы «Адилеттүү сот териштирүүгө укук жөнүндө» жарандык коомдун семинары болуп өттү. Бул семинарга Конституциялык палатанын судьясы Клара Сооронкулова катышып, ачылышында сөзүн сүйлөдү. Семинар ага катышкан жарандык коомдун, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн, эл аралык жана жергиликтүү эксперттердин ортосунда адилеттүү сот териштирүүгө укуктун ишке ашуу чөйрөсүндөгү идеялар жана эң жакшы тажрыйбалар менен алмашканга мүмкүнчүлүк түзүп берди. Continue reading “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясы «Адилеттүү сот териштирүүгө укук жөнүндө» семинарга катышты” »
26.09.2013
SAG_3666
25-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын веб-сайтынын  www.constpalata.kg расмий презентациясы болуп өттү. Конституциялык палатанын веб-сайты ПРООНдун жардамы менен  түзүлгөн. Сайттан колдонуучулар  конституциялык сот адилеттүүлүгүнүн  Кыргыз Республикасында жаралуусунун жана өнүгүүсүнүн тарыхы, Конституциялык палатанын азыркы иши тууралуу, сот жыйналыштарынын календары, кабыл алынган актылар жөнүндө жана башка маалыматтар менен тааныша алышат. Continue reading “Конституциялык палатанын веб-сайтынын расмий презентациясы болуп өттү” »
12.09.2013
1234
Сот реформасын өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы менен USAID/IDLO Программасы өз ара түшүнүшүү жана кызматташттык жөнүндө меморандумга кол коюушту. Меморандумду  ишке ашыруу алкагында сот процессинин аудио жана видео протоколун жүргүзүүгө мүмкүндүк берген  электрондук сот өндүрүшүнүн маалыматтык интеллектуалдык системасын киргизүү каралууда. Continue reading “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы менен USAID/IDLO Программасы өз ара түшүнүшүү жана кызматташттык жөнүндө меморандумга кол коюушту” »
11.09.2013
«Кыргызстандын юристтери ассоциациясы» коомдук бирикмеси, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту менен бирдикте  ишке ашырылып жаткан «Сот актыларынын жана сот жыйындарынын калк үчүн  ачыктыгын, айкындыгын жана жеткиликтүүлүгүн камсыздоо аркылуу жарандардын сотторго болгон ишенимин бекемдөө» долбоорунун алкагында,  11-сентябрда  «www.sot.kg» интернет-ресурсунда  сот актыларын жана сот жыйындары жөнүндө маалыматтарды жарыялоо процессин баалоонун жана  мониторингдин  орто аралык жыйынтыктарын талкулоо  темасында тегерек стол болуп өттү. Continue reading “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялары тегерек столго катышты” »
03.09.2013
3-сент Торага Конст палата судьялары 2
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Асылбек Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын шайланган судьяларына күбөлүктөрдү тапшырды. А. Жээнбеков сот системанын көз карандысыздыгынын маанилүүлүгүн белгилеп, Жогорку Кеңештин стратегиялык милдети болуп өлкөнүн судьяларынын көз карандысыздыгын камсыз кылуу экендигин айтты. Continue reading “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын шайланган судьяларына күбѳлүктөр тапшырылды” »
21.08.2013
Конституциялык палатанын төрагасы М.Ш. Касымалиев адам укуктары боюнча БУУнун  Жогорку комиссарынын башкармалыгынын Борбордук Азия боюнча  аймактык өкүлү Армен  Арутюнянды кабыл алды. Жолугушууда  Кыргыз Республикасындагы конституциялык сот адилеттүүлүгүнүн  азыркы өнүгүүсүнүн маселелери талкууланды жана мындан аркы кызматташуунун программасы белгиленди.
20.08.2013
Конституциялык палатанын аппаратындагы ваканттык административдик мамлекеттик кызматтарга өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгы боюнча аппараттын жетекчисинин буйругу менен Конституциялык палатанын аппаратынын мамлекеттик кызматкерлери дайындалды. Жаӊы түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын аппараты өзүнүн милдеттерин аткарууга киришти.