Меню навигации+

КЫДЫРБАЕВ Кырккелди Джумалиевич

DSC_0085 1

Конституциялык палатанын судьясы

1961-жылдын 1- апрелинде Чүй облусунун Жайыл районунун Ак-Башат айылында төрөлгөн.
1983-жылы СССРнын ИИМинин Караганда жогорку мектебин артыкчылык диплому менен бүтүргөн.

    Юридикалык кесиптке ээ болгондон кийинки эмгек ишмердиги:

    1983 – 1988 – жылдары Кара-Балта шаардык аткаруу комитетинин ИИБнүн СМУКБнүн (ОБХСС) инспектору, ага оперкызматкери болуп эмгектенген.
    1988 – 1989 – жылдары СССРнын ИИМинин Караганда жогорку мектебинин окутуучусу.
    1989 – 1992 – жылдары РФнын ИИМинин милициясынын Москва жогорку мектебинин адъюнкту.
    1992 – жылы КРнын ИИМнин Бишкек жогорку мектебинин окутуучусу.
    1992 – 1993 – жылдары КРнын ИИМинин КЭККББнын ага оперкызматкери.
    1993 – 1996 – жылдары Талас облусунун ИИБнын ЭККБнүн начальниги.
    1996 – жылдын июнь айынан 1997 – жылдын декабрь айына чейин Талас облусунун ИИБнын начальнигинин орун басары.
    1997 – жылдын декабрь айынан 1999 – жылдын март айына чейин КРнын Президентинин Администрациясынын коргоо, коопсуздук жана укук тартиби иштери боюнча бөлүмүнүн, КРнын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын референти.
    1999 – жылдын март айынан 2000 – жылдын август айына чейин КРнын ИИМинин Бишкек жогорку мектебинин начальнигинин биринчи орун басары.
    2000 – 2004 – жылдары КРнын ИИМинин милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы Академиясынын начальнигинин биринчи орун басары, кафедранын начальниги, кафедранын доценти, начальниктин жардамчысы.
    2004 – 2005 – жылдары КРнын ИИМинин Башкы штабынын начальниги.
    2005 – 2008 – жылдары КРнын ИИМинин Башкы тергөө башкармалыгынын начальниги.
    2008 – 2009 – жылдары КРнын ИИМинин ички коопсуздук кызматынын начальниги.
    2009 – жылы – КРнын ИИМинин Башкы штабынын начальниги.
    2009 – жылдын декабрь айынан 2010 – жылдын июль айына чейин КРнын ИИМинин кадрларынын карамагында.
    2011 – жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча бөлүмүнүн башчысынын орун басары.
    2011 – жылдын август айынан 2019 – жылдын декабрь айына чейин Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ырайым кылуу маселелери боюнча комиссиянын жооптуу катчысы.
    2019 – жылдын 18 – декабрь айында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясы болуп шайланган.

      Юридика илимдеринин доктору, профессор,
      мамлекеттик кызматтын III класстагы мамлекеттик кеңешчиси, милициянын полковниги.
      «Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн» I – даражадагы медалы, Кыргыз Республикасынын Президентинин кол сааты менен сыйланган.
      Үй-бүлѳлүү, үч кызы жана уулу бар.