Меню навигации+

Кыргыз Республикасында конституциялык контролдоо органынын

калыптануу жана өнүгүү тарыхы

 

Кыргызстандын тарыхында конституциялык контролдоо институту – Кыргыз ССРнин Конституциялык көзөмөл комитети «Кыргыз ССРнин Конституциясына (Баш Мыйзамга) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз ССРнин 1989-жылдын 23-сентябрындагы Мыйзамы менен түзүлгөн.

 

Конституциялык көзөмөл комитетинин негизги максаттары катары мамлекеттик органдардын жана коомдук уюмдардын актыларынын Кыргыз ССРнин Конституциясына ылайык келүүсүн камсыздоо, Кыргыз ССРнин аймагында жашаган инсандын конституциялык укуктары менен эркиндиктерин, элдин укугун, советтик коомдун демокартиялык негиздерин коргоо болуп аныкталган.

 

Конституциялык көзөмөл комитети Кыргыз ССРнин Жогорку Кеңеши тарабынан саясат жана укук жаатындагы адистерден, курамында Комитеттин Төрагасы, Төраганын орун басары жана 7 мүчөсү он жылдык мөөнөткө шайланган.

 

Конституциялык көзөмөл комитетинин ишмерлигинин тартиби «Кыргыз ССРнин Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» жана «Кыргыз ССРнде конституциялык көзөмөл жөнүндө» Кыргыз ССРнин 1990-жылдын 12-апрелиндеги мыйзамдары менен такталган.

 

Конституциялык мыйзамдуулуктун кепилдиктерин күчөтүү максатында, «Кыргыз ССРнде мамлекеттик бийлик органдар системасын кайра уюштуруп, башкаруу жана Конституцияга (Баш Мыйзамга) өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз ССРнин 1990-жылдын 14-декабрындагы Мыйзамы менен Кыргыз ССРнин Конституциялык көзөмөл комитети жоюлган жана ССР республикаларынын ичинен биринчилерден болуп Кыргыз ССРнин Конституциялык соту түзүлгөн.

 

1991-жылдын август айында Кыргызстан эмгемендүүлүгүн жар салгандан жана 1993-жылы 5-майда жаңы Конституцияны кабыл алуудан тартып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Конституцияны коргоо боюнча сот бийлигинин жогорку органы болуп аныкталган.

 

Конституциялык соттун ишмерлигинин уюштурулушу, компетенциясы жана тартиби Конституцияда, «Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө» мыйзамдарда каралган.

 

Конституциялык соттун төрагасы (төрайымы), анын орун басары жана жети судьясы Президенттин сунуштамасы боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан он беш жылга шайлануучу.

 

Өлкөдөгү коомдук-саясий, укуктук чөйрөлөрдөгү өзгөрүүлөр мамлекеттик бийлик органдар системасынын кайра уюштурулушуна, анын ичинде мамлекеттин өзгөчө чечимине чейин Конституциялык соттун ишмерлигин 2010-жылы 7-апрелде токтотууга алып келген.

 

2010-жылы 27-июнда жаңы Конституция менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы түзүлдү.

 

«Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамга ылайык Конституциялык палата конституциялык сот өндүрүшү аркылуу өз алдынча конституциялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу жогорку сот органы, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун мураскери болуп саналат.

 

Конституциялык палата көз каранды эмес болуп, Конституцияга, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамга жана Конституциялык палатанын регламентине баш ийет.

 

Конституциялык палатанын судьялары Судьяларды тандоо боюнча кеңештин сунушуна негизделген Президенттин сунуштамасы боюнча, бир жыныстагы адамдардын жетимиш пайыздан ашпаган гендердик өкүлчүлүгүн эске алуу менен Жогорку Кеңеш тарабынан шайланат. Конституциялык палатанын судьялары – биринчи жолу 7 жылдык мөөнөткө, ал эми андан кийин – 70 жаш курак чегине жеткенге чейин шайланат.

 

Конституциялык палата он бир судьядан: Конституциялык палатанын төрагасынан, төраганын орун басарынан жана тогуз судьядан турат.

 

Конституциялык палата өзүнүн курамынан Төраганы, Төраганын орун басарын, Судья-катчыны үч жылдык мөөнөткө шайлайт.