Меню навигации+

Эл-аралык байланыш жана мыйзамдардын салыштырма анализдөө сектору

Сектордун милдеттери жана функциялары

Сектордун милдети Конституциялык палатанын эл аралык байланшытарын уюштуруу жагынан ишмерлигин камсыздоо болуп саналат.

Коюлган милдетке жетишүү үчүн сектор кийинкидей функцияларды аткарат:
– чет өлкө мамлекеттеринин конституциялык контролдоо органдары, эл аралык уюмдары менен иштешүүнү, Конституциялык палатада чет өлкө делегацияларын, мамлекеттик жана саясий ишмерлерди, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн кабыл алууну, Конституциялык палатанын судьяларынын жана делегацияларынын чет өлкө иш-сапарларын даярдоону, протоколдук маселелерди чечүүнү камсыз кылат;
– конституциялык контролдоо органдарынын чет өлкө тажрыйбасын изилдейт, жалпылаштырат жана Конституциялык палатанын судьяларынын жана аппарат кызматкерлеринин суроо-талабына ылайык анын которулушун камсыз кылат;
– Адам укуктары боюнча Европа сотунун (АУЕС) чечимдери, Венеция комиссиясынын сунуштамалары, ошондой эле башка конституциялык сотторунун ишмерлиги жөнүндө мезгилдүү маалымадоону камсыз кылат;
– Конституциялык палатанын чечимдерин англис тилине которулушун жана Венеция комиссиясынын Бюллетенинде жана CODICES маалыматтардын электрондук базасында жайгаштыруу үчүн алардын жөнөнтүлүшүн камсыз кылат;
– Төраганын тапшырмасы боюнча жалпы юрисдикция сотторунда Конституциялык палатанын кызыкчылыктарын көздөйт;
– Конституциялык палатанын аппарат жетекчисинин тапыщрмасы боюнча конституциялык сот өндүрүшүнө байланышпаган маселелер боюнча келүүчүлөрдү кабыл алат;
– Конституциялык палатанын тиешелүү жылга карата иш планынын долбооруна киргизүү үчүн сектордун ишмерлиги боюнча сунуштарды киргизет;
– Конституциялык палатанын төрагасынын, анын орунбасарынын жана судьяларынын, ошондой эле аппарат жетекчисинин тапшырмаларын аткарат.


МАСАЛБЕКОВ Каныбек Толубаевич

masalbekov

Сектор башчысы

1979-жылдын 6-июлунда Жалалабад облусунун Аксы районунун Кербен шаарында төрөлгөн.
2000-жылы «Эл аралык мамилелер» адистиги боюнча Кыргызстандын Эл Аралык Университетин аяктаган. 2002-жылы «Юриспруденция» адистиги боюнча Кыргызстандын Эл Аралык Университетинин магистратурасын аяктаган.

 

ЭМГЕК ЖОЛУ:

[2001-2006] Кыргыз Республикасынын туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетинин туризм инфраструктурасын ѳнүктүрүү жана кадрлардын даярдоосун пландаштыруу бѳлүмүнүн башкы адиси, бѳлүм башчысы, туризм, эл аралык байланыштар жана маркетинг бѳлүмүнүн башчысы, туризм башкармалыгынын жетекчисинин орун басары.
[2007-2009] ЖЧК «Cosmo» аткаруучу директору;
[2009-2015] жеке ишкер;
[03.2015-04.2015] Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин инвестиция жана тышкы байланыштар бѳлүмүнүн башчысы;
[04.2015-04.2017] Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын эл аралык бѳлүмүнүн башчысы
[04.2017] Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын эл аралык байланыштар жана мыйзамдардын салыштырма анализи секторунун башчысы

Байланыш телефон: (0 312) 62-20-71

E-mail: k.masalbekov@constpalata.kg