Меню навигации+

Конституциялык палатада балдар сынагынын жыйынтыктары чыгарылды

01.06.2021

миниатюра

Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Конституциялык палатада кызматкерлердин жана судьялардын балдарынын/неберелеринин арасында сынак уюштурулду.

 

Конституциялык палатанын төрагасы К.А. Дуйшеев куттуктөө сөзүндө ушул майрамдын пайда болуу тарыхы тууралуу учкай маалымат берип кетти. Төраганын пикири боюнча бул майрамдын башкы максаты – мамлекет тарабынан балдарды тарбиялоо, билим берүү, социалдык жактан камсыздандыруу, физикалык жана руханий өнүгүү жаатында бирдей укуктарды камсыз кылуу. «Өз кезегинде, ата-энелер алардын жүзөгө ашырылуусуна колдоо көрсөтүүсү керек», - деп К.А. Дуйшеев жыйынтыктады.

 

Иш-чаранын катышуучулары андан ары сынакка катышкан балдардын видеого тартылган ырларын көрүштү. Жалпысынан сынакка 13 бала катышты, алардын ичинен:

-Аппарат кызматкерлеринин 10 баласы жана 1 небереси;

- бир судьянын эки небереси.

 

Сынактын катышуучуларынын жаш курагы 3төн баштап 10 жашка толгондор болду.

 

Ошентип таажывирусунун илдети күчөп турган учурда санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук чараларын сактоо максатында иш-чараны жыйынтыктоодо төрага К.А. Дуйшеев белек сертификаттарды балдардын ата-энелерине тапшырды.