Меню навигации+

Кыргыз Республикасында Юрист күнүн белгилөө урматына ведомстволук сыйлыктар тапшырылды

28.06.2021

миниатюра

Конституциялык сотто Кыргыз Республикасында Юрист күнүн белгилөө урматына ведомстволук сыйлыктарды салтанаттуу тапшыруу аземи болуп өттү.

 

Конституциялык соттун төрагасы К.А. Дуйшеев иш-чараны ачып жатып, судьяларды жана соттун кызматкерлерин, ошондой эле чакырылган конокторду кесиптик майрамы менен куттуктап, бул майрам Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 24-июнундагы № 272 токтому менен негизделгенин белгиледи. Анын пикири боюнча Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон кийин юристтердин негизги топтому улуттук мыйзамдардын маанилүү багыттарын калыптандырууда негизги роль ойногон, аны менен ата-мекендик юриспруденциянын калыптануусуна көмөк болушкан.

 

Төраганын сөзүндө юристтер адилеттүүлүк жана теңдик сыяктуу баалуулуктардын турмушка ашырылуусуна көмөк болушат, ошондой эле адамдын, жарандын негизги укуктары жана эркиндиктери бузулган учурда алардын кызыкчылыктарын коргойт деп баса белгиледи.

 

Андан ары, КР Акыйкатчысынын орун басары А.С. Колопов сөз сүйлөдү. Ал өзүнүн куттуктоо сөзүндө өлкөнүн юристтеринин негизги топтомун Конституциялык соттун судьялары жана кызматкерлери түзөт деп белгиледи. Анын пикири боюнча жакынкы 10-15 жылда дал ушул орган ата-мекендик юриспруденциянын багытын аныктайт.

 

Иш-чаранын аягында жогорку көрсөткүчтөр, соттун жана башка мамлекеттик органдардын ишинде активдүү катышкандыктары үчүн төмөнкү кызматкерлер сыйланды: 

1) Р.Ш. Чикеев – КР ЖС КПнын «Ак ниет кызматы үчүн» II даражадагы медалы менен;

2) Д.Б. Алиев – КР ЖС КПнын «Ак ниет кызматы үчүн» III даражадагы медалы менен;

3) А.А. Асангожоева – КР ЖС КПнын «Ак ниет кызматы үчүн» III даражадагы медалы менен;

4) М.С. Раимбаева – КР ЖС КПнын Ардак грамотасы менен;

5) З.Т. Эсеналиева – КР Акыйкатчынын (Омбудсмендин) «Акыйкат» медалы менен;

6) У.Т. Таалайбеков – КР Акыйкатчынын (Омбудсмендин) Ардак грамотасы менен;

7) К.А. Аблакимов – КР Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Ардак грамотасы менен;

8) А.А. Асанбеков – КР Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Ардак грамотасы менен;

9) Э.Ж. Жыргалбеков – КР Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Ардак грамотасы менен.