Меню навигации+

Анкарада конституциялык сот адилеттигинин маселелери талкууланууда

27.04.2018

IMG-20180427-WA0006

Туркиянын борбор калаасы Анкарада 2018-жылдын 25-апрелинен тартып 28-апрелине чейин Туркиянын Конституциялык соту өзүнүн 56 жылдыгын белгилеп, «Жеке даттануунун биринчи беш жылдыгын баалоо» деген эл аралык конференциясын өткөрүүдө, ага катышкандар конституциялык даттанууларды кароо жаатындагы конституциялык сот адилеттигинин маанилүү маселелерин талкууга салууда.

 

Конференциянын ишине Конституциялык палатанын атынан судьялар Курмантай Абдиев жана Эмиль Осконбаев катышууда.

 

Туркиянын Президенти Реджеп Тайип Эрдоган конференциянын ачылышынын салтанатына өзү катышты.