Меню навигации+

Плюралисттик коомдо идеологияны жана демократияны жүзөгө ашырууда конституциялык соттордун ролу

20.11.2017

IMG_0655

Учурдагы жылдын 13-ноябрынан 17-ноябрына чейин Джакарата шаарында (Индонезия) Индонезия Республикасынын Конституциялык соту уюштурган « Плюралисттик коомдо идеологияны жана демократияны жүзөгө ашырууда конституциялык соттордун ролу» эл аралык кыска курсу болуп өттү.

Иш-чарага Афганистан, Казакстан, Камбоджи, Кыргызстан, Малайзия, Монголия, Мьянма, Таиланд, Туркия жана Түштүк Корея конституциялык контролдоо органдарынын өкүлдөрү катышты. Кыргызстандын атынан бул иш-чарада Конситуциялык палатанын Аппаратынын соттук отурумдарды уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Назгуль Нурбекова болду.

Эл аралык курстун жүрүшүндө катышуучулар көп маданияттуу плюралисттик коомдун алдында турган көйгөйлөрдүн айдыңында мамлекеттик идеологияны жана демократиялык баалуулуктарды камсыздоодо конституциялык соттордун жана ага шайкеш институттардын ролун талкуулашты. Өз кезегинде, Н.Нурбекова «Унитардык мамлекетте көп түрдүүлүктү колдоо: Кыргызстандын тажрыйбасы» темасында баяндама жасады.

Андан тышкары, иш-чаранын катышуучуларына «Панче сила» деген Индонезиянын мамлекеттик идеологиясы тууралуу маалымат берилген, ал плюралисттик жана адилеттүү коомду курууда индонезия моделинин негизинде жаткан беш принциптен турат.

Эл аралык кыска курс мезгилинде Азия конституциялык сотторунун жана ага шайкеш институттарынынын ассоциациясы алкагында байланыш офицерлеринин да жумушчу жолугушуусу болуп өттү, ал жерден ушул Ассоциациянын катышуучулары болгон өлкөлөр ортосундагы кызматташуунун уюштуруу маселелери каралган.