Меню навигации+

Конституциялык палата жана Ала-Тоо эл аралык университети кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту

27.10.2017

IMG_6694

Бүгүн Конституциялык палата жана Ала-Тоо эл аралык университети ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшуу боюнча салтанаттуу иш-чара Конституциялык палатада болуп өттү. Иш-чарага Конституциялык палатанын төрагасы, төрагасынын орун басары, Конституциялык палатанын Аппарат жетекчиси жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери, ошондой эле Ала-Тоо эл аралык университетинин ректору, экономика жана башкаруу факультетинин юриспруденция кафедрасынын башчысы катышышты.

 

«Биздин органдар ортосунда меморандумга кол коюшуу конституциялык контролдоо маселелери боюнча укуктук билим берүү жаатында натыйжалуу кызматташууну түзүүгө, ошондой эле конституциялык укук маселелери боюнча илимий жаатта иштешүү үчүн институционалдык негизди калыптандырууга багытталган» - деп белгиледи Конституциялык палатанын Төрагасы Эркинбек Мамыров.

 

Кол коюлган меморандум алкагында кызматташуунун төмөнкүдөй формалары каралган: ченемдик-укуктук жана илимий-изилдөөчүлүк маалымат менен алмашуу; орток илимий-практикалык конференцияларды, семинарларды, тегерек столдорду өткөрүү; китепкана жана башка маалымат ресурстарынан өз ара пайдалануу; конституциялык адилет сот маселелери боюнча илимий-практикалык изилдөөлөргө Конституциялык палатанын судьяларын жана аппарат кызматкерлерин тартуу; чет өлкө мамлекеттеринин өкүлдөрүнүн катышуусу менен иш-чараларды өткөрүүдө Конституциялык палатага көмөк көрсөтүү (волонтерлук негизде); Конституциялык палатада окуу-таанытуу, өндүрүштүк жана дипломго чейинки практикадан студенттердин өтүүсү; Конституциялык палатанын кызматкерлерин аспирантурага кабыл алуу жана окутуу.

 

Конституциялык палата жождор менен иштешүү боюнча жигердүү иш жүргүзүп келгенин, Ж.Баласагын атындагы КМУ, КРСУ, КМЮА, КР ТИМнин Дипломатиялык академиясы менен меморундамдарга кол коюлганын, Конституциялык палатанын аппаратында студенттердин практикадан өтүү маселелерде мамилелер түзүлгөнүн, Ачык эшиктер күнү, эссе боюнча сынактар, студенттер үчүн мейман лекциялар, ошондой эле бул жождордун окутуучуларынын катышуусу менен конституционализмдин жайкы мектептери жана конференциялар өткөрүлүп жатканын белгилейбиз.