Меню навигации+

Жарандык процесстик кодекстин 337-10, 350, 361-беренелерин конституциялуугун текшерүү

2014-жылдын 31-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасы ачык соттук жыйналышта Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 337-10, 350, 361-беренелерин конституциялуугун текшерүү жөнүндө иш карады жана ал боюнча өз чечимин чыгарды.

ААК «Северная ПМК» кайрылуусу  ишти кароонун себеби болду.

 

 Маселенин тарыхы

Жогорку сот өзүнүн аныктамасы менен ЖПКнын 350-беренесин жетекчиликке алып А. Озова, М. Данильченко, Р. Ашимбаеванын жана Е. Акопяндын өкүлү - С. Заидованын көзөмөл арыздары каралганга чейин деген формулировка менен Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечимин жана Бишкек шаардык сотунун аныктамасын аткарууну токтото турат.

Мындан тышкары, жаӊы ачылган жагдайлар боюнча бүтүмдөрдү жараксыз деп табуу жөнүндө «Северная ПМК» ААКнын жарандык иштер боюнча доо арызы боюнча Жогорку соттун 2011-жылдын 19-октябрындагы токтомун кайра кароого «Северная ПМК» ААКна Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2013-жылдын 13-июнундагы аныктамасы менен баш тартылган.

 

 

Тараптардын позициясы

Кайрылуучу тарап кассациялык жана көзөмөл жүргүзүүчү инстанциялар ЖПКнын 337-10, 350-беренелерине ылайык мыйзам күчүнө кирген соттун чечимдерин аткарууну токтото турууга, ага карабастан Конституциянын 100-беренесинде Кыргыз Республикасынын сотторунун мыйзамдуу күчүнө кирген актылары бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жактар, коомдук бирикмелер, кызмат адамдары жана жеке адамдар үчүн милдеттүү болот жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш деп эсептейт. Кайрылуучу тараптын пикири боюнча, ушул конституциялык ченем мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын аткарууну токтото турууда  мамлекеттик органдар үчүн, анын ичинде соттор үчүн дагы эч кандай өзгөчөлүктү кылбайт. Ошондой эле, кайрылуучу тарап мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын жаңы пайда болгон жагдайлар боюнча кайра кароонун толук тизмесин камтыган ЖПКнын 361-беренеси сот адилеттигине болгон жетүүнү чектөөчү ченем катары Конституциянын 6-беренесинин 3-бөлүгүнө, 20-беренесинин        5-бөлүгүнүн 8-пунктуна карама-каршы келет деп эсептейт. Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын жоболорунун аныкталган принциптерине ылайык кандайдыр бир жаңы же жаңыдан табылган шарттар соттун каталыгын айкын далилдөөнүн негизинде четке кагылса, мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечимдерин кайра кароого алып келиши керек, ал эми ЖПКнын 361-беренеси мыйзамдуу күчүнө кирген соттун актыларын мындай кайра кароосун чектөөдө. 

 

 

Конституциялык палатасынын позициясы

Кассациялык, көзөмөлдүк даттанууларды же талаптарды чечүүгө чейин соттун чечимдерин аткарууну токтото туруу соттук актынын ролун, маанисин жана кесепеттерин кемитүүгө алып келбейт, ушул мезгил ичинде карызкор үчүн милдетүүлүгү сакталат жана соттук коргонуу укуктарына чектөөгѳ болбойт, тескерисинче мындай укукту ишке ашыруучу механизмдердин бири болуп саналат.

Мыйзам чыгаруучу соттук актыларды аткарууну токтото туруунун негиздерин, жол-жоболорун жана ыкмаларын караганда, аларды кассациялык жана көзөмөлдүк соттук инстанцияларда кайра кароодо соттун чечимдерин аткарууга мүмкүн эмес учурларын алып салуу зарылчылыгынан улам чыккан. Мындай механиздердин жоктугу Конституция тарабынан кепилденген натыйжалуу соттук коргонуу принцибин жетиштүү чекте камсыз кыла алмак эмес.

Мыйзамдуу күчүнө кирген соттук актылардын милдеттүүлүгүн  жана аткаруусун караштырган Конституциянын 100-беренесин мамлекеттик органдар тарабынан жарандын укуктарын жана эркиндигин натыйжалуу соттук коргонуу кепилдигине, анын ичинде ишти жогору турган сот кайра кароо укугун камсыз кылууга жалпыланып багытталган Конституциянын 99-беренесинин 4-бөлүгүнүн жоболору менен ажырагыс байланышта кароого керек.

Демек, текшерилип жаткан ЖПКнын 337-10 жана 350-беренелери, мыйзам чыгаруучу тарабынан жогорку кѳрсѳтүлгѳн конституциялык ченемдерди ишке ашырууда кабыл алынган Конституцияга карама-каршы келбейт.

ЖПКнын 361-беренесинин текшерилип жаткан ченеминин жоболору мыйзам чыгаруучу тарабынан адамдын укуктарына жана эркиндиктерине соттук коргонуунун конституциялык кепилдерин ишке ашырылууга кабыл алынган жана жогорку соттордун ишти кайра кароодо ар кимдин укугу эч кандай чектөөгө жатпайт. 

 

Жарандык процесстик мыйзамдын ченемдеринин маанисинде жаӊы ачылган жагдайлар ишти карап жаткан учурда катышып жаткан жак билбеген жана биле албай турган, жана ошондой эле ишти карап жаткан сотко бул жөнүндө артында билдирген ушундай бир жагдайларды көрсөтөт. Ушул «жаӊы ачылган жагдайлар» түшүнүгүнөн ЖПКнын 361-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2, 5-пункттары өзүнүн укуктук жаратылышы боюнча жаӊы жагдайлар болуп эсептелет. Мында алар кайра ачылган жагдайлар боюнча соттук актыларды кайрадан кароо үчүн негиз болгон жарандык процесстин бир стадиясына бириктирилген. Жаӊы жагдайлардын айырмалоочу белгилери болуп иш каралгандан жана соттук актылар чыккандан кийин алардын пайда болгондугу эсептелет. Кайрадан ачылган жагдайлардын дагы, жана жаӊы ачылган жагдайлардын дагы укуктук кесепеттери болуп соттук чечимдердин кайра каралышы эсептелет. Жаӊы жагдайлар, кайрадан ачылган жагдайлар сыяктуу эле соттук чечимдерди кайрадан кароо үчүн негиз катары так сызылган чектери бар болушу керек жана абстракттуу түшүнүктөрдү камтыбашы керек, андай болбосо бул укуктук туруктуулукка жана соттук актылардын айкындуулугуна карама-каршы келет жана укуктук мамлекеттин принциптеринин бузулушуна алып келет. Мындан улам Конституциялык палата кайра ачылган жагдайлардын толук тизмесинде сот адилеттигине жетүүгө чектөөнүн жок экендиги  байкалбастыгын билдирет.

ЖПКнын 361-беренесинин 2-бөлүгүндөгү мыйзам чыгаруучу тарабынан жол берилген пайдалануудагы «кайра ачылган жагдайлар» жана «жаӊы ачылган жагдайлар» аралашкан түшүнүктөрүн ЖПКке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жолу аркылуу четтетүү мүмкүн.  

 

Процессте төрагалык кылган:                            Муканбет Шадыканович Касымалиев

Судья-баяндамачы:                                                Чинара Аскарбековна Айдарбекова