Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренесинин конституциялуугун текшерүү жөнүндө

2013-жылдын 6-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы ачык соттук жыйналышта Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренесинин конституциялуугун текшерүү жөнүндө ишти карады жана аталган иш боюнча өзүнүн чечимин чыгарды.

Ишти кароонун себеби катары жаран О.К.Мадиновдун каайрылуусу табылган.

 

Маселенин тарыхы

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренесинде инсандын ар-намысына жана беделине мазактоо түрүндө кемсинткендик үчүн жазыктык-укуктук жоопкерчилик каралган. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси мазактоону башкача айтканда уятсыздык менен экинчи бир адамдын ар-намысын жана кадыр-баркын атайылап кемсинтүү деп аныктайт.

Жогоруда көрсөтүлгөн берененин 2-бөлүгүндө калк алдында чыгып сүйлөгөндө, калкка көрсөтүлгөн чыгармада же массалык маалымат каражаттарында мазактагандык, ошол эле кылмыштын квалификациялоочу белгиси болуп саналат.

Жаран О.К. Мадинов 2012-жылдын 22-августунда жаран Б.М. Бекежановдун жеке айыптоо арызы боюнча Нарын шаардык сотунун өкүмү менен О.К. Мадиновдун кыймыл аракети экинчи бир адамдын ар-намысын жана кадыр-баркын атайлап уятсыздык менен кемсинтип мазактаган деп табылып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси менен күнөѳлүү деп табылып, кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Нарын шаардык сотунун өкүмүнө жана Ысык-Көл областтык сотунун аныктамасына                     О.К. Мадинов көзөмөл ирээтинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун соттук коллегиясына даттануу келтирген. Жаран О.К. Мадинов өзүнүн өтүнүчүндө Нарын шаардык сотунун чечимин жокко чыгарууну суранган, анткени ал Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 4-бөлүгүнүн 6-пунктунун жана 33-беренесинин 5-бөлүгүнүн талаптарына карама-каршы келген Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренесине негизделген.

 

Кайрылуучунун позициясы

Арыздануучу талашылып жаткан ченем жоболор, адамдын ар-намысын жана беделин жаманатты кылган же кемсинткен маалыматтарды тараткандыгы үчүн кылмыштык жазага тартылышы мүмкүн эмес деген тыюунун кепилдиги чектелүүгө тийиш эместигин камтыган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 33-беренесинин 5-бөлүгүнө жана 20-беренесинин 4-бөлүгүнүн 6-пунктуна карама-каршы келет деп табууну суранды.

 

Конституциялык палатанын позициясы

Кыргыз Республикасынын Конституциясы адамды, анын укуктарын жана эркиндиктерин эң жогорку баалуулук деп жарыялайт. Алар тикелей колдонулгандыктан, мыйзам чыгаруу, аткаруу бийлигинин жана өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маани-мазмунун аныктап турат.

Конституция жана эл аралык келишимдер (Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык Пакт) Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын ажыралгыс

бөлүгү болуп эркиндиктин, адилеттүүлүктүн жана жалпы тынчтыктын негиздери катары эсептелген адамдын бирдей жана тартып алынгыс укуктары менен бирге адам коомчулугунун бардык мүчөлөрүнө таандык болгон беделдикти тааныйт.

Конституцияга ылайык ар бир адам жеке турмушунун кол тийбестигине, ар-намысынын корголушуна укуктуу. Ар бир адамга купуя маалыматты, адамдын жеке турмушу жөнүндө маалыматты укук ченемсиз жыйноодон, сактоодон, жайылтуудан коргоо, анын ичинде соттук коргоо кепилденет, ошондой эле укук ченемсиз иш-аракеттер менен келтирилген материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтуртуп алуу укугуна кепилдик берилет.

Ушуну менен, Кыргыз Республикасынын Конституциясы адамдын ар-намысын жана беделин жаманатты кылган же кемсинткен маалыматтарды тараткандыгы үчүн кылмыштык жазага тартылышы мүмкүн эместигин тыюунун кепилдиги чектелүүгѳ тийиш эместигин белгилейт.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренесинин маңызы боюнча кылмыш деп эсептелген мындай аракеттер инсандын ар-намысын жана беделин басмырлоо же кемсинтүү маалыматтарды жайылтуу жолу менен жасалат, демек, мындай аракеттер Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 33-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык кылмыш деп эсептелинбейт. Аталган берененин 1-бөлүгүндө аны менен бирге, инсандын ар-намысына жана беделине каршы багытталган коомдук кооптуулугу боюнча тѳмѳнүрѳѳк турган аракеттерди дагы кылмыш деп эсептѳѳгѳ негиз болбошу керек. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренесиндеги аракеттерди бир эле кылмыштын белгилерин камтыгандыктан, түздөн-түз өз ара байланышта кароого зарыл.

Мындай жагдайда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 33-беренесинин 5-бөлүгүнүн жана 20-беренесинин 4-бөлүгүнүн 6-пунктуна карама-каршы келет деп чечти.

Аны менен бирге, Конституциялык палата мазактоо аракеттеринде коргоо ченемдерин камтыган жарандык жана административдик мыйзамадарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен инсандын ар-намысын жана беделин коргоонун таасирдүү механизмин кароо керектигин белгиледи.

 

 

Процессте төрагалык кылган     КАСЫМАЛИЕВ Муканбет Шадыканович

Судья-баяндамачы                          МАКЕШОВ Джумадил Макешович