Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдарынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө

2013-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы ачык жыйналышта «Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө» мыйзамынын 4-беренесинин, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамынын 7-11, 13-14, 17-, 22-23, 28-беренелеринин, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 24-, 29-беренелеринин, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» мыйзамынын 38-, 164-беренелеринин, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 10-беренесинин конституциялуугун  текшерүү жөнүндө ишти карады жана ал боюнча өз чечимин чыгарды.

Жаран И.А. Трофимовдун каайрылуусу ишти кароонун себеби болду.

 

Маселенин тарыхы

2013-жылдын 22-августунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына (мындан ары – Конституциялык палатасы) жаран Игорь Алексеевич Трофимовдон «Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө» мыйзамынын 4-беренесинин,«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамынын 7-11, 13-14, 17-, 22-23, 28-беренелеринин, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 24-, 29-беренелеринин, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» мыйзамынын 38-, 164-беренелеринин, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 10-беренесинин конституциялуугун текшерүү жөнүндө өтүнүч келип түшкөн.

Жаран И.А. Трофимов Конституциянын 6-беренесинин 1-бөлүгү, 10-беренесинин 3-бөлүгү, 16-беренесинин 2-бөлүгү,20-беренесинин 3-бөлүгү,52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пункту жана 4-бөлүгү менен каралган Конституциянын негиз салуучу ченемдери бузулуп жатат деп эсептейт.

 

Арыздануучунун позициясы

И.А. Трофимовдун өтүнүчүнѳ ылайык, ал 2005-жылы  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты кызматына талапкерлигин койгон, 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Президенти постуна өз талапкерлигин койгон, ал эми 2013-жылдын 12-августунда Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчы) кызматына болгон шайлоого катышууга арыз берген.  Мамлекеттик кызматта иштөө үчүн башкы тоскоолдук болуп, анын пикири боюнча, мамлекеттик тилди милдеттүү түрдө билүү эсептелет.

 

И.А. Трофимов, бул көрсөтүлгөн мыйзамдардын талашылып жаткан ченемдери мамлекеттик тилди билбеген адам үчүн шайланган Омбудсмен (Акыйкатчы) болууга, мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча  башкаруу органдарында иштөөгө, Жогорку Кеңештин Төрагасынын, Премьер-министрдин, Жогорку соттун Төрагасынын, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын Төрагасынын кызмат орундарын ээлөөгө, расмий мамлекеттик, коомдук-саясий иш-чараларга катышууга, расмий тилде мамлекеттик документти алууга, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөөгө, Кыргыз Республикасында ага түшүнүктүү болгон тилде почта корреспонденциясын жөнөтүүгө, жергиликтүү өз алдынча  башкаруу органдары тарабынан кабыл алынып жаткан ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун талкуулоого катышууга мүмкүндүк бербейт деп эсептейт. 

 

Конституциялык палатасынын позициясы

1990-жылдын 30-декабрында кабыл алынган Кыргызстан Республикасынынмамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндө Декларацияга ылайык, республиканын аталышын бере алган, байыркы тарыхка, өз алдынчалуулук маданиятына, өз тилине, каада-салтына, адаттарына ээ болгон кыргыз улуту, мамлекеттик интернационализм, кызматташуу жана бардык улуттардагы жарандардын өз ара урматташуу саясатынын негизинде өз этносунун бүтүндүгүн, анын улуттук мамлекеттүүлүгүн, маданий жана тилдик мурасын сактоогокам көрөт (Декларациянын 3-беренеси).

 

Мамлекеттик эгемендүүлүк коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүндө республиканын мамлекеттик бийлигинин толуктугу менен камсыздалат, анын ичинде өз мамлекеттик тилинин бардыгы менен (Декларациянын 5-беренеси). 1993-жылдын 5-майындагы биринчи Конституция менен кыргыз тили мамлекеттик тил катары жарыяланган.  Бул статус азыркы аракеттеги Конституция менен сакталууда.

Кыргызстан калкынын этникалык көп түрдүүлүгүн жана тарыхый түзүлгѳн жагдайларды эске алуу менен, Конституция расмий тил катары орус тилин алдын ала караштырган.

 

«Мамлекеттик тил» жана «расмий тил» түшүнүктөрү, Конституциянын маанисинен алып караганда, жакын турган милдеттерди аткарышат, бирок окшош болуп эсептелишпейт. «Мамлекеттик тил» жана «расмий тил» түшүнүктөрүнүн терминологиялык кесилиштери, ушул эки тил тең расмий баарлашуу, иш кагаздарын жүргүзүү, мыйзам чыгаруу жана сот өндүрүшү тармактарында мамлекеттин керектөөлөрүн камсыз кылып тургандыгы менен шартталган. Бирок мамлекеттик жана расмий тилдер тарабынан аткарылып жаткан функциялардын көлөмү жана аларды колдонуу чөйрөлөрү  айырмаланышы мүмкүн. Мыйзам чыгаруучу, расмий тилдин статусун аныктоо менен, анын коомдук турмушта, мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча  башкаруу органдарынын ишмердиги чөйрөлөрүндө колдонулушу, маанилүү себептер боюнча мамлекеттик тилди колдонуу кыйынчылык туудурган учурларда жүзөгө ашырылат деп белгилейт.

 

Ошол эле убакта, Кыргыз Республикасынын укуктук, социалдык, демократиялык, унитардык мамлекет катары милдети, азчылыкты түзгөн калктардын бардык өкүлдөрүнө  бирдей укуктарды жана эркиндиктерди камсыз кылышында камтылып турат. Ушул максаттарды кѳздѳп, Кыргыз Республикасы Кыргызстан элин түзгөн бардык этностордун өкүлдөрүнө эне тилин сактоо, аны окуп-үйрөнүү жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү укугуна кепилдик берет (Конституциянын 10-беренесинин 3-бөлүгү).

 

Ошону менен бирге, эне тилин пайдалануу укугу абсолюттук мүнөзгө ээ болбошу керек. Ал адамдын социалдык маданий чөйрөсүндөгү кызыкчылыктарын иш жүзүнө ашырууну камсыз кылууга арналган, бирок бул укук  бүткүл эл алдындагы мамилелерде адамга эне тилин колдонуусуна чексиз мүмкүндүктү берүүнү түшүндүрбөйт.

 

Мамлекеттик тил тарабынан аткарылып жаткан милдеттин маңызы, жогорку саясий жана адистешкен мамлекеттик кызматтарга талапкерлердин мамлекеттик тилди билишине карата коюла турган жогорку талаптарга ылайык келет жана кесипкөй негиздерде мамлекеттик органдардын функцияларын жана бийлик ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу боюнча мындай кызмат адамдарынын милдеттеринин чөйрөсүнөн жана көп улуттуу коомдун  жашоо-турмуш ишмердигин камсыздоонун зарылдыгынан улам келип чыгууда.

Кыргыз тилин мамлекеттик тил катары расмий таануу,  мамлекеттик бийлик органдарынын иш кагаздарын жана жыйналыштарын башынан тартып эле кыргыз тилинде алып баруу зарылдыгын божомолдойт. 

Куралдуу Күчтөрдүн ишмердигиндеги тил дагы мамлекеттик тилден башка болушу мүмкүн эмес, анткени ал жогоруда көрсөтүлгөн жалпы мамлекеттик маанидеги милдеттерди аткарып турат.

 

Кыргыз тилине мамлекеттик статусту берүү мыйзамдардын тилин  белгилөөнү билдирет. Ошондуктан жергиликтүү өз алдынча  башкаруунун  өкүлчүлүктүү органдарынын өз ченем чыгаруу ишмердигинде мамлекеттик тилди колдонуусунаконституциялык жоболорду иш жүзүнө ашыруудан башкача баа берилбеши керек.

 

Почта жана телеграф байланышы тармагындагы чектөөлөргө карата, Кыргыз Республикасынын аймагында почта жана телеграф кагаздары мамлекеттик тилде, зарыл учурларда - расмий тилде толтурулгандыгын белгилей кетүү керек. Республиканын чегинен тышкары дарекке жөнөтүлгөн кат-кабарлар расмий тилде же тиешелүү чет тилдерде көрсөтүлөт(«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамынын 28-беренеси). Ошону менен, мыйзамдар ушул чөйрөдөгү мүмкүн болгон ыңгайлуу тилдик шарттарды берет, алар кодулоо катары бааланышы мүмкүн эмес.

 

Конституциянын маанисинен алганда, бардык деңгээлдеги мамлекеттик бийликтин органдары тил саясатын, мамлекеттик тил өзүнүн аракетте болуу процессинде мамлекет ичиндеги жана улуттар аралык интеграцияга жетүү каражат катары өзүнүн конституциялык багытталышын иш жүзүнө ашыруу үчүн тиешелүү даражага жетише ала тургандай кылып жүргүзүүгө милдеттүү.Конституциялык палата «Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө» мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүн, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамынын 7-11, 13-14, 22-23, 28-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 24-беренесинин 3-бөлүгүн, 27-беренесинин 3-бөлүгүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө» мыйзамынын 38-беренесинин 1-бөлүгүн жана 164-беренесинин 1-бөлүгүн, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пунктун конституциялуу деп чечти.

 

 

Процессте төрагалык кылган                             МУКАНБЕТ Шадыканович Касымалиев

Судья-баяндамачы                                      ОСКОНБАЕВ Эмиль Жолдошевич