Меню навигации+

Кыргыз Республикасында Юрист күнүн майрамдоого карата ведомстволук сыйлыктар тапшырылды

28.06.2019

миниатюра

Конституциялык палата Кыргыз Республикасында Юрист күнүн майрамдоого карата ведомстволук сыйлыктарды салтанаттуу тапшыруу аземин өткөрдү.

 

Конституциялык палатанын төрагасы Э.Т. Мамыров иш-чараны ачып жатып, Конституциялык палатанын судьяларын жана Аппарат кызматкерлерин, ошондой эле чакырылган конокторду кесиптик майрамы менен куттуктап жана юристтин кесиби жоопкерчиликтүү, себеби бул адамдар адилеттүүлүктүн жана укук үстөмдүгүнүн идеяларын турмушка жүзөгө ашыруу менен өлкөдө мыйзамдуулуктун бекитилишине жана бекемделишине көмөк болушарын айтып кетти. Төрага сөзүндө юристтер уккутук мамлекеттин негиздерин түптөөдө жана анын калыптанышында маанилүү роль ойной тургандыгын баса белгиледи.

 

Төрага өзүнүн куттуктоо сөзүндө бардыгына кызматтагы кесиптик ийгиликтерди жана зор жетишкендиктерди каалап кетти.

 

Андан ары, тапшыруу аземи болуп өттү. Конституциялык палатанын төрагасынын буйругуна ылайык эмгектеги ийгиликтер жана Конституциялык палатанын ишмердигинде жигердүү катышуусу үчүн Конституциялык палатанын Аппарат жетекчиси А.А. Сарбагышов, ошондой эле Конституциялык палатанын аппарат кызматкерлери Д.Б. Алиев, Б.У. Алкожоева, С.Т. Асанкожоев, Ч.М. Шергазиев жана Маамыталы кызы Камила Ардак грамоталар менен сыйланышты.

 

Ошондой эле, конституциялык сот адилеттигин өнүктүрүүдө жана Конституциялык палатанын чечимдеринин аткарылышына жигердүү катышуусу үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары М.К. Есеналиев «Кызматташтык үчүн» Конституциялык палатанын медалы менен, Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин актыларды иштеп чыгуу жана экспертиза 1-башкармалыгынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат, укук коргоо органдары жана сот тутуму жаатында мыйзамдар бөлүмүнүн башкы адиси А.К. Набитаева Конституциялык палатанын Ардак грамотасы менен сыйланышты.