Меню навигации+

Жазык-процесстик кодекстин 487-беренесинин 3, 4-бөлүктөрүнүн, 488-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнүн, 489-беренесинин 1-бөлүгүнүн, 491-беренесинин 3, 4-бөлүктөрүнүн, 492-беренесинин 5-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз

12.06.2019

Конституциялык палата 2019-жылдын 12-июнунда Жазык-процесстик кодекстин 487-беренесинин 3, 4-бөлүктөрүнүн, 488-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнүн, 489-беренесинин 1-бөлүгүнүн, 491-беренесинин 3, 4-бөлүктөрүнүн, 492-беренесинин 5-бөлүгүнүн конституциялуулугун процесстик макулдашуну түзүүдө жабыр тарткандардын жана эрезеге жете электердин укуктарынын бузулушу бѳлүгүндѳ текшерүү жөнүндө ишти карап чыккан жана талашылып жаткан ченемдерди Конституцияга карама-каршы келбейт деп тааныган.
Конституциялык палата өзүнүн чечиминде мамлекет жазык-укуктук мамилелердин коомдук мүнөзүнө ылайык жазык жоопкерчилигинин чектерин да белгилөөгө, сот адилеттигинин максаттарына жетишүүгө ар жолдорду караштырган процедуралдарды, анын ичинде жазык жоопкерчигининин чарасын жеңилдетүүгө жана жазык куугунутугунун процедурасын жөнөкөйлөтүүгө негиздерди мыйзамдарда аныктоого ыйгарым укуктуу болот деп белгилеген.
Мыйзам чыгаруучу күнөөсүн таануу жөнүндө, кызматташуу жөнүндө жана жарашуу жөнүндө макулдашууну өзүнө камтыган процесстик макулдашуунун укуктук институтун Жазык-процесстик кодексинде көрсөтүлгөн ыйгарым укуктар алкагында караштырган.
Бирок күнөөсүн таануу жөнүндө макулдашуу сыяктуу мындай укуктук каражат колдонулган учурда бир жагынан шектүү менен айыпкердин, экинчи жагынан, жабыр тарткандандын процесстик укуктарынын жүзөгө ашырылуусу үчүн бирдей шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга, ошондой эле башка жалпыга маанилүү конституциялык орнотмолорду аткарууга милдет мамлекеттен алынбай кала берет.
Мамлекет процесстик макулдашуулар институтун киргизүү аркылуу жазаны жеңилдетүү мүмкүнчүлүгүн орнотуу менен жабыр тарткандардын укуктарынын жана кызыкчылыктарынын корголушун кепилдикке алуунун, ошондой эле сот адилеттигинин максаттарына жетишүүнүн, күнөлүү эместик презумпциясынын жана жазанын болушунун принциптеринин сакталуусунун зарылчыгы менен байланыштуу.
Жазык-процесстик мыйзамдарда процесстик макулдашуулар институту макулдашууга жетишкен учурда алардын диспозитивдүүлүк принцибине негизделет. Жазык-процесстик кодекстин 487-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык белгилүү шарттар сакталган учурда күнөлүү экендигин таануу жөнүндө макулдашуу түзүү мүмкүнчүлүгү гана белгиленген. Жазык-процесстик кодекстин 488-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык прокурор күнөлүү экендигин таануу жөнүндө макулдашууну түзүү жөнүндө өтүнүчтү канааттандырууга да, канааттандыруудан баш тартууга да укуктуу. Мында Жазык-процесстик кодекстин 487-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган негиздер тарабынан күнөлүү экендигин таануу жөнүндө макулдашуу түзүү мүмкүндүгүн жокко чыгарышы күнөлүү экендигин таануу жөнүндө макулдашуу түзүү жөнүндө өтүнүчтү канааттандырууда прокурордун баш тартуусу үчүн толук кандуу негиз катары эч учурда карай албайт. Көрсөтүлгөн негиздер ар бир конкреттүү иштин жагдайларын объективдүү баалоодо жана мындай макулдашууну түзүү жөнүндө өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартуу башка себептерди аныктап билүүдө прокурорду чектей албайт.
Аны менен прокурорго процесстик макулдашуулар институтун ишке ашырууда өзөктүү роль берилет жана иш боюнча бардык жагдайларды баалоо жана, биринчи кезекте кылмыштуу кол салуудан жабыр тарткандын кызыкчылыктарын коомдук кызыкчылыктарды айкалыштыруу менен эске алуу боюнча, күнөлүү эместик презумпциясынын жана жазанын болушунун принциптерин камсыз кылуу боюнча олуттуу функция жүктөлүүдө. Ошону менен бирге, жазык жоопкерчилигинин коомдук мүнөзүнүн басымдуу болушунан улам күнөлүү экендигин таануу жөнүндө макулдашууну түзүү үчүн жабыр тарткандын макулдугун алуу тууралуу талаптын жоктугу жабыр тарткандын соттук коргонууга конституциялык укугунун бузулушу, кодулабоо эместик, өзүнүн пикирин билдирүүгө же андан баш тартууга мажбурлоо эместик катары каралышы болбойт (Конституциянын 16-беренесинин 2-бөлүгү, 31-беренесинин 3-бөлүгү, 40-беренесинин 1, 2-бөлүктөрү). Демек күнөлүү адамга жүктөлүп жаткан жазык жоопкерчилигинин чектери жана көлөмү ыйгарым укуктуу органдар аркылуу мамлекетке гана таандык боло алат.
Арыздануучу Жазык процесстик кодексинин 487-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунун, 492-беренесинин 5-бөлүгүнүн талашылып жаткан ченемдери Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген жаш курагы боюнча кодулабоо принцибин бузууда деп айтууда.
Эрезеге жете электерге карата талашылып жаткан ченемдерин колдонбоо кодулоонун кайсы бир формаларынын түзүлүшүнө алып келбейт, анткени эл аралык укуктун ченемдери бул категориядагы адамдарды жазык жоопкерчилигине тартууда алардын кызыкчылыктары мыкты корголушун камсыз кылган укуктук мамилелерди болжойт.
Кыргыз Республикасы катышуучу болгон эл аралык келишимдердин талаптарын эске алуу менен мыйзам чыгаруучу эрезеге жете электер туурасында жазык сот өндүрүшүнүн өзгөчө тартибин караштырган (54-глава), ага ылайык бул категориядагы адамдарга карата жазык жоопкерчилигинин санкциялык бөлүгү мерчемдүү түрдө жеңилдиги бар, ошондой эле аларга карата алдын алуу-тарбия мүнөзүндөгү каражаттарды колдонуу мүмкүнчүлүгүн кеңейткен.
Жазык жана жазык-процесстик мыйзамдар эрезеге жете электерге карата жазык сот өндүрүшүнүн өзгчө тартибин кароо жана жазык жазасынын жеңилдетилген чараларын колдонуу менен эрезеге жете электерге процесстик макулдашуу түзүүдөн кем эмес преференцияларды берүү мүмкүнчүлүгүн түзөт. Мында күнөөсүн таануу, ошондой эле тергөө менен кызматыштыгы жаза чарасын аныктоодо сөзсүз түрдө эске алынат.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 5-бөлүгүндө талап кылынгандай балдардын эң мыкты кызыкчылыктарын камсыз кылуу зарылчылыгынан келип чыгууда эрезеге жете электер жасаган кылмыштарды толук кандуу сотко чейинки иликтөөнү жана сотко чейинки териштирүүнү жүзөгө ашыруу маанилүү жагдай болуп саналат. Эрезеге жете электер туурасындагы иштерди жалпы тартипте кароодо сот актыларын даттанууга жана ишти жогору турган соттон кайталап каратууга процесстик укукту колдонуу мүмкүнчүлүгү сактала берет (Конституциянын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3-пункту).
Ошону менен бирге, Конституциялык палата эрезеге жете электердин кызыкчылыктарын мыкты кылып эске алган укуктук механизмдерди киргизүү шартында процесстик макулдашууларды түзүүгө жол берилген адамдардын категориясына эрезеге жете электерди киргизүү жана аларды жазык жоопкерчилигине тартуунун мындай укуктук жөнгө салуунун орнотулушу мыйзам чыгаруучу үчүн тоскоолдук туудурбайт деп көрсөткөн.