Меню навигации+

Пресс-релиздер

14.02.2018

Конституциялык палата 2018-жылдын 14-февралында «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын укук коргоо органдарынын тергөө бөлүмдөрүндө, судья катары, Президенттин, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн Аппараттарынын бөлүмдөрүндө жогорку юридикалык билимдин болушун талап кылган кызмат орундарында, Жогорку Кеңештин жогорку юридикалык билими бар депутаты катары беш жылдык иш стажысы бар адамдарды адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алуу үчүн квалификациялык сынактан ѳтүүдѳн бошотууну караштырган 19-беренесинин 4-бѳлүгүнүн 1-4-пункттарынын конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ ишти карап чыгып, талашылып жаткан ченемдердин Конституциянын 16-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ карама-каршы келүүсү жѳнүндѳ чечим чыгарды.

 

Continue reading “«Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жѳнүндѳ» КР Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бѳлүгүнүн 1-4-пункттарынын конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ иш боюнча пресс-релиз” »

29.01.2018

2017-жылдын 8-ноябрында Конституциялык палатага Д. Мамасалиевдин кызыкчылыгында В.Р. Федоровдун Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 221-беренеси Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 1-бөлүгүнө, 4-бөлүгүнүн 5-пунктуна, 28-беренесинин 2-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.

 

Конституциялык палатанын судьялар коллегиясы 2017-жылдын 15-декабрында өтүнүчтү өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө аныктама чыгарган.

 

Continue reading “Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 15-декабрындагы аныктамасына Д. Мамасалиевдин кызыкчылыгында В.Р. Федоровдун даттануусун кароо жөнүндө иш боюнча пресс-релиз” »

24.01.2018

Конституциялык палата 2018-жылдын 24-январында Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин арыздарды, аппеляциялык жана кассациялык даттанууларды берүүдө мамлекеттик алымды төлөө милдеттүүлүгү, ошондой эле берилген арыздарды, аппеляциялык жана кассациялык даттанууларды мамлекеттик алымдын төлөнгөндүгү туурасында далили болбогон учурда аларды кайтарып берүү бөлүгүндөгү 102-беренесинин 1-бөлүгүнүн, 135-беренесинин 2-пунктунун, 138-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пунктунун, 249-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи жана жетинчи абзацтарынын, 325-беренесинин 5-бөлүгүнүн, 329-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунун, 354-беренесинин 5-бөлүгүнүн, 357-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык соттук отурумда карап чыкты.

 

Конституциялык палата өзүнүн чечимдерин кийинкидей тыянактар менен негиздеп берди.

 

Continue reading “Жарандык процесстик кодекстин 102-беренесинин 1-бөлүгүнүн, 135-беренесинин 2-пунктунун, 138-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пунктунун, 249-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи жана жетинчи абзацтарынын, 325-беренесинин 5-бөлүгүнүн, 329-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунун, 354-беренесинин 5-бөлүгүнүн, 357-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз” »

11.01.2018

2017-жылдын 28-сентябрында Конституциялык палатага жарандар Р.Р. Карасартованын, Омуркул уулу У., Б.Р. Жалгашевдин, У.А. Абдыкаимовдун экстремисттик материалдарды сатып алуу, даярдоо, сактоо, таратуу, ташуу жана жиберүү, ошондой эле экстремисттик же террорчулук уюмдардын символдорун же атрибуттарын атайылап пайдалануу, анын ичинде көрсөтүү үчүн жазык жоопкерчилигин караган жазык кодексинин 299-2-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацына тактоолорду киргизген «Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» 2013-жылдын 3-августундагы № 180 Мыйзамдын 1-беренесинин 9-бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацына, 20-беренесинин 1-, 2-бөлүктөрүнө, 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 4-, 5-пункттарына, 32-беренесинин 1-бөлүгүнө, 33-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.

 

Конституциялык палатанын судьялар коллегиясы 2017-жылдын 2-ноябрында өтүнүчтү өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө аныктама чыгарган.

 

Continue reading “Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 2-ноябрындагы аныктамасына жарандар Р.Р. Карасартованын, Омуркул уулу У., Б.Р. Жалгашевдин, У.А. Абдыкаимовдун даттануусун кароо жөнүндө иш боюнча пресс-релиз” »

06.12.2017

«Агрохимсервисцентр» ЖАКтын директору Н. Маматжановдун Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 149-беренесинин 7-бөлүгүн Конституциянын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө, 99-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келүүсү жөнүндөгү өтүнүчү 2017-жылдын 23-майында келип түшкөн. Конституциялык палатанын судьялар коллегиясы 2017-жылдын 23-июнунда кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө аныктама кабыл алышкан.

 

«Агрохимсервисцентр» ЖАКтын директору Н. Маматжанов жогоруда көрсөтүлгөн даттануу менен макул болбостон, 2017-жылдын 13-ноябрында даттануу менен Конституциялык палатага кайрылган.

 

Continue reading “«Агрохимсервисцентр» ЖАКтын Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 23-июнундагы аныктамасына даттануусун кароо жөнүндөгү иш боюнча пресс-релиз” »

10.10.2017

2017-жылдын 20-июнунда Н.Б. Садыковдун М.С. Бекбаевдин кызыкчылыгында Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 313- жана 3131- беренелерин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин расмий тилде «может быть также вынесено» жана «может быть вынесено вышестоящим судом» деп берилген 19-беренесинин 3-бөлүгүндөгү ченемдик жоболорду, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 381-беренесинин 1-бөлүгүнүн, 383-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пунктунун «зарыл учурларда» деп берилген сөздөрүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-беренесине, 26-беренесинин 1-, 2- жана 4-бөлүктөрүнө, 27-беренесинин 3-бөлүгүнө, 40-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.

 

Continue reading “Н.Б Садыковдун М.С. Бекбаевдин кызыкчылыгында Конституциялык палатанын 2017-жылдын 13-сентябрындагы аныктамасына даттануусун кароо жөнүндө иш боюнча пресс-релиз” »

03.10.2017

2017-жылдын 27-июнунда жаран С.С. Султанидиновдун «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 53-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктун жана 4-бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнө, 20-беренесинин 1-, 2-бөлүктөрүнө карама-каршы келет деп таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн. Конституциялык палатанын судьялар коллегиясы 2017-жылдын 13-июлунда өтүнүчтү өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө аныктама кабыл алган.

 

Конституциялык палата 2017-жылдын 2-октябрында С.С. Султанидиновдун Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 13-июлундагы №47 аныктамасын жокко чыгаруу тууралуу даттануусун карап чыгып, аны канааттандыруусуз калтырган.

 

Continue reading “Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 13-июлундагы аныктамасына жаран С.С. Султанидиновдун даттануусун кароо жөнүндөгү иш боюнча пресс-релиз” »

03.10.2017

2017-жылдын 17-майында Административдик жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 630-беренесинин 1-бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3, 8-пункттарына, 40-беренесинин 1, 2 – бөлүктөрүнө карама-каршы келет деп таануу жөнүндө Р.Р. Карасартованын жана У. Омуркул уулунун өтүнүчү келип түшкөн. Конституциялык палатанын судьялар коллегиясы 2017-жылдын 23-июнунда өтүнүчтү өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө аныктама кабыл алган.

 

Конституциялык палата 2017-жылдын 2-октябрында Р.Р. Карасартованын жана У. Омуркул уулунун Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 23-июнундагы №36 аныктамасын жокко чыгаруу тууралуу даттануусун карап чыгып, аны канааттандыруусуз калтырган.

 

Continue reading “Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 23-июнундагы аныктамасына жарандар Р.Р. Карасартованын жана У. Омуркул уулунун даттануусун кароо жөнүндөгү иш боюнча пресс-релиз” »

26.09.2017

2017-жылдын 24-майында «экстремисттик материалдарды сактоо» деген сөздөр менен баяндалган Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 299-2-беренесинин 1-бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 31-беренесинин 3-бөлүгүнө, 33-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таануу жөнүндө жаран А.М. Байзаковдун өтүнүчү келип түшкөн. Конституциялык палатанын судьялар коллегиясы 2017-жылдын 29-июнунда өтүнүчтү өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө аныктама кабыл алган.

 

Конституциялык палата 2017-жылдын 29-сентябрында А.М. Байзаковдун Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 29-июнундагы №38 аныктамасын жокко чыгаруу тууралуу даттануусун карап чыгып, аны канааттандыруусуз калтырган.

 

Continue reading “Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 29-июнундагы аныктамасына жаран А.М. Байзаковдун даттануусун кароо жөнүндөгү иш боюнча пресс-релиз” »

20.09.2017

2017-жылдын 15-майында «Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 23-мартындагы № 71 жарлыгы Кыргыз  Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүнө, 4-бөлүгүнүн 7-пунктуна, 5-бөлүгүнүн 5-пунктуна карама-каршы келет деп таануу жөнүндө Б.Р. Жалгашевдин өтүнүчү келип түшкөн. Конституциялык палатанын судьялар коллегиясы 2017-жылдын 22-июнунда өтүнүчтү өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө аныктама кабыл алган.

 

Конституциялык палата 2017-жылдын 19-сентябрында Б.Р. Жалгашевдин Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 22-июнундагы №34 аныктамасын жокко чыгаруу тууралуу даттануусун карап чыгып, аны канааттандыруусуз калтырган.

 

Continue reading “Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 22-июнундагы аныктамасына Б.Р. Жалгашевдин даттануусун кароо жөнүндөгү иш боюнча пресс-релиз” »

05.07.2017

Конституциялык палата 2017-жылдын 5-июлунда Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 60-беренесинин 4-бөлүгүнүн 7-пунктунун конституциялуулугун текшерди, ага ылайык шектүүнүн, айыпкердин, соттолуучунун жакын туугандары күбө катары өтүүгө тийиштүү эмес.

 

Бул ишти кароонун жыйынтыгы боюнча талашылып жаткан ченемди шектүүнү, айыпкердин, соттолуучунун жакын туугандарынын көрсөтмө берүү ниети болгон учурда аларды суракка алууга жол бербеген бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таануу жөнүндө чечим кабыл алынган.

 

Continue reading “Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 60-беренесинин 4-бөлүгүнүн 7-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз” »

24.05.2017

2017-жылдын 24-майында Конституциялык палата Жазык-процесстик кодекстин 378-беренесинин 2-бѳлүгүнүн «Тараптардын келбей калышы ишти карап чыгууга тоскоолдук кылбайт» деген ченемдик жобосунун конституциялуугун текшерүү жѳнүндѳ ишти карап чыгып, аны төмөнкүдөй жүйѳлѳргѳ ылайык Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесинин 1-бөлүгүнө, 99-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктөрүнө карама-каршы келбейт деп тапты.

 

Continue reading “Жазык-процесстик кодекстин 378-беренесинин 2-бѳлүгүнүн ченемдик жобосунун конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ иш боюнча пресс-релиз” »

19.04.2017

2017-жылдын 19-апрелинде Конституциялык палата  Кыргыз Республикасынын судьялары кызмат ордуна Юриспруденция" адистиги багытында "бакалавр" академиялык даражасы бар болгон учурда, "магистр" академиялык даражасын ыйгаруу менен жогорку юридикалык билими боюнча талапкерлер үчүн каралган «Кыргыз Республикасынын судяларынын статусу жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 15-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи жана экинчи абзацтарынын жана 17-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш каралган.

 

Continue reading “«Кыргыз Республикасынын судяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 15-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи жана экинчи абзацтарынын жана 17-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз” »

30.03.2017

 

2017-жылдын 29-мартында Конституциялык палата Кыргыз Республикасынын Айкыйкатчысынын «Терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө сунуштамасын карап чыгып, кийинкидей чечим чыгарды.

Continue reading “«Терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КРнын Мыйзамынын 6-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз” »

24.02.2017

 

2017-жылдын 22-февралында Конституциялык палата атайылап жасаган кылмышы үчүн соттуулугу болгон адамдарды, анысы жоюлган же жоюлбаганына карабастан, нотариалдык ишмерликке чектөөнү караган «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин төртүнчү бөлүгүнүн экинчи абзацынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыгып, төмөнкүдөй чечим чыгарган.

 

Continue reading “«Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин төртүнчү бөлүгүнүн экинчи абзацынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз” »

20.02.2017

 

2017-жылдын 17-февралында Конституциялык палата салык төлөөчүнүн даттануусун кароо тартибин караган Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 149-беренесинин 2 жана 7 бөлүктөрүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыгып, төмөнкүдөй чечим чыгарган.

 

Continue reading “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 149-беренесинин 2 жана 7-беренелеринин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз” »

15.02.2017

 

2017-жылдын 15-февралында Конституциялык палата атайылап сот адилеттигине жатпаган өкүмдөрдү, чечимдлерди же башка соттук токтомдорду чыгаруу үчүн судьялардын жазык жоопкерчилигин караган Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 328-беренеси Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп таанылды.

 

Continue reading “Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 328-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз” »

18.01.2017

 

2017-жылдын 18-январында Конституциялык палата “ишти өз алдынча карап жаткан судьяга билдирилген баш тартуу судья тарабынан жекече чечилип,..” сөздөр менен баяндалган Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 73-беренесинин 4-бөлүгүнүн ченемдик жобосунун конституциялуулугун текшерди жана бул ченемдик жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деп чечим чыгарды.

 

 Өзүнүн чечимин Конституциялык палата төмөнкүдөй тыянактар менен негиздеп берди.

Continue reading “Жазык-процесстик кодекстин 73-беренесинин 4-бөлүгүндө ченемдик жобонун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз” »