Меню навигации+

Жаңылыктар

17.12.2018
2Q6A7568

 

 

2018-жылдын 14-15-декабрларында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасы Э.Т. Мамыров Стамбул шаарындагы «Укук үстөмдүгүн жана пайдубал укуктарды коргоодо жогорку сот бийлигинин ролу» темасындагы эл аралык конференцияга катышып келди.

 

Конференцияда куттуктоо сөзү менен Туркия Республикасынын Президенти Реджеп Тайип Эрдоган чыгып сүйлѳдү. Конференцияны негизги максаты конструктивдүү жана жемиштүү диалог үчүн юридикалык платформаны түзүү, ошондой эле Ислам кызматташтык уюмуна (ИКУ) мүчө болгон мамлекеттердин конституциялык/жогорку соттор/кеңештер жана ага шайкеш институттар арасында кызматташууну кеңейтүү болуп саналган.

 

Конференция Туркия Конституциялык соту тарабынан уюштурулган жана анын ишине ИКУга мүчө/байкоочу болгон 42 мамлекеттин конституциялык/жогорку сотторунун/кеңештеринин жана ага шайкеш институттардын башчылары катышкан.

 

Конференциянын сессиялык отурумдарында укук үстөмдүгү жана конституциялык сот тажрыйбасындагы адам укуктары, жогорку сот органдарында адам укуктарын жана укук үстөмдүгүн камсыз кылуу, ошондой эле укук үстөмдүгүн жана адам укуктарын коргоо ишинде ааламдык жана ички динамика маселелери талкууланган.

...

10.12.2018
DST_9531

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбековдун катышуусу менен Адам уккутарынын жалпы декларациясынын 70 жылдыгына арналган конференция Адам укуктарын коргоонун эл аралык күнү өтүп, мамлекет башчысы ал жерден сөз сүйлөдү.

 

Иш-чаранын ачылуу салтанатында КР Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.Ж. Джумабеков, КР Жогорку сотунун төрайымы Г.У. Калиева, КР вице-премьер-министри, КР Өкмөтүнө караштуу Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин төрагасы Ж.П. Разаков, БУУ туруктуу координаторунун м.а., ЮНИСЕФ өкүлү Юкиэ Мокуо куттуктоо сөздөрүн айтышкан.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялары конференциянын ачылуу салтанатына, ошондой эле анын ишине катышты, ал «Кыргыз Республикасы Адам укуктарын коргоонун эл аралык тутуму алкагында: прогресс, келечекке болгон чакырыктар жана умтулуулар» жана «Кыргызстанда укук үстөмдүгү: бийликтин үч бутагынын ролу» пленардык сессияларынын алкагында уланган, экинчи пленардык сессияда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасы Э.Т.Мамыров «Адам укуктары жалпы декларациясынын адам укуктары жана эркиндиктери жөнүндөгү конституциялык ченемдердин калыптануусуна таасири» темасында баяндама жасады.

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбековдун катышуусу менен Адам уккутарынын жалпы декларациясынын 70 жылдыгына арналган конференция Адам укуктарын коргоонун эл аралык күнү өтүп, мамлекет башчысы ал жерден сөз сүйлөдү.

 

Иш-чаранын ачылуу салтанатында КР Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.Ж. Джумабеков, КР Жогорку сотунун төрайымы Г.У. Калиева, КР...

09.12.2018
IMG-20181210-WA0027

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасы Э.Т. Мамыров учурдагы жылдын 7-8-декабрларында «Конституциялык идеалды издөөдөгү салыштырма укук таануу» салыштырма укук таанунун VIII эл аралык конгрессине катышып келди. VIII эл аралык конгресс РФ Өкмөтүнө караштуу Мыйзамдар жана салыштырма укук таануу институту тарабынан Укук аркылуу демократия үчүчн Европа комиссиясы (Европа кеңешинин Венеция комиссиясы) менен бирге уюштурулган. Конгресске 350 окумуштуулар менен Россиянын жана Европа менен Азиянын 15 өлкөсүнөн мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү катышкан. Continue reading “«Конституциялык идеалды издөөдөгү салыштырма укук таануу» аталыштагы эл аралык конгресси Москвада болуп өттү” »

27.11.2018

2018-жылдын 26-июнунда У.С. Момункуловдун кызыкчылыгын кѳздѳгѳн М.А. Супатаевдин Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 11-беренесинин 3 жана 4-бѳлүктѳрүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 1 жана 5-бѳлүктѳрүнѳ карама-каршы келет деп таануу жѳнүндѳ ѳтүнүчү келип түшкѳн.

 

Continue reading “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2018-жылдын 13-июлундагы № 31 аныктамасына Уралбек Сабыркулович Момункуловдун кызыкчылыгын кѳздѳгѳн Мунарбек Абдукадырович Супатаевдин даттануусун кароо жѳнүндѳ иш боюнча пресс-релиз” »

22.11.2018
IMG-20181122-WA0004

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судья-катчысы М.Р. Бобукеева ушул жылдын 14-ноябрынан 20-ноябрына чейин Индия Конституциясынын 51-беренесине арналган «Аткарылуучу бүткүл дүйнөлүк укук жана натыйжалуу ааламдык башкаруу аркылуу дүйнөнүн балдар үчүн биригүүсү» темасындагы Дүйнөнүн Жогорку судьяларынын XIX эл аралык конференциясына катышты. Конференция Монтессори Мектеби (Лакхнау ш., Индия) тарабынан уюштурулган, аны Джагдиш Ганди 1959-жылы түзгөн. Continue reading “Конституциялык палатанын судья-катчысы Дүйнөнүн Жогорку судьяларынын XIX эл аралык конференциясына катышты” »

02.11.2018

 

Конституциялык палата 2018-жылдын 1-ноябрында «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин, 17-беренесинин 4-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыгып, чечим чыгарды, ага ылайык талашылып жаткан ченемдер, алардын тике маанисинен алганда Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп таанылды. Ошону менен бирге, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренеси, анын жазык сот өндүрушүндө жактоочу катары катышкан адвокаттарга карата ѳңчѳй жайылтылган бѳлүгүндѳ, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна,  40-беренесинин 1,  3-бөлүктөрүнө карама-каршы келет деп таанылган.

 

Continue reading “А.А. Мамбековдун кызыкчылыгын кѳздѳгѳн М.Б. Султаналиевдин кайрылуусуна байланыштуу “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин, 17-беренесинин 4-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз” »

22.10.2018
image1

 

Учурдагы жылдын 18-19-октябрында Минск шаарында Евразия экономикалык союзунун соту (ЕЭСС) тарабынан уюштурулган «Эл аралык сот адилеттиги жана интеграциялык процесстерди бекемдөө» аттуу эл аралык конференция болуп өттү. Конференциянын ишине Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясы Чинара Айдарбекова катышты.

 

Continue reading “Минскте «Эл аралык сот адилеттиги жана интеграциялык процесстерди бекемдөө» аттуу эл аралык конференция болуп өттү” »

18.10.2018

 

03.10.2018

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2018-жылдын 3-октябрында «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ ишти карап чыкты жана талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ экс-президентти Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын аткарып турган мезгилде жасаган жосундары үчүн жоопкерчиликке тартуу жол-жобосун караштырбаган даражада карама-каршы келет деп чечим чыгарды.

 

Continue reading “Н.А. Токтакуновдун кайрылуусуна байланыштуу «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жѳнүндѳ» Мыйзамдын 12-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ иш боюнча пресс-релиз” »

27.09.2018
IMG_9994

 

Бүгүн Кыргызстан Эл аралык университетинин юридикалык факультетинин 2-курсунун студенттери Конституциялык палатанын ишмердиги менен таанышты.

 

Сереп экскурсиянын жүрүшүндө студенттерге Конституциялык палатанын ыйгарым укуктары, Конституцияны, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоо боюнча орган катары анын функциялары жана милдеттери тууралуу маалымат берилди. Конституциялык палатанын аппаратынын кызматчылары конституциялык сот өндүрүшүн жүзөгө ашырууда түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишмердиги тууралуу студенттерге айтып беришти.

 

Continue reading “Кыргызстан Эл аралык университетинин студенттери Конституциялык палатанын ишмердиги менен таанышты” »

25.09.2018
DSC_5462

 

 

 

Учурдагы жылдын 17-сентябрынан тартып 21-сентябрын кошкондо Туркия Республикасында Азия конституциялык сотторунун жана ага шайкеш институттардын ассоциациясынын 6-жайкы мектеби өткөрүлдү, анын ишине Конституциялык палатанын аппаратынын персоналды башкаруу жана документациялык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Эльнура Мусаева катышып келди.

 

Жайкы мектеп Туркия Республикасынын Конституциялык соту тарабынан уюштурулган, ал АКСА ишмердиги алкагында Кесиптик даярдоону жана адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча борбордун милдетин аткарууда.

 

Continue reading “Азия конституциялык сотторунун жана ага шайкеш институттардын 6-жайкы мектебинде эркиндикке жана жеке кол тийбестикке болгон укук талкууланды” »

07.09.2018
Resized_20180904171119-LSC_3066

2018-жылдын 2-5 сентябрь күндөрү Сеулда Корея Конституциялык сотунун 30 жылдыгына арналган «Конституциялык сот адилеттиги жана демократия» темасындагы эл аралык конференция болуп өттү.

 

Иш-чарага 34 мамлекеттен конституциялык контролдоо органдарынын төрагалары жана судьялары жана дүйнөлүк төрт эл аралык уюмдун төрагалары катышты. Кыргыз Республикасынан бул конференцияга Конституциялык палатанын төрагасы Эркинбек Мамыров жана судья-катчы Меергуль Бобукеевадан турган делегация катышып келди.

 

Continue reading “Сеулда Корея Конституциялык сотунун 30 жылдыгына арналган эл аралык конференция болуп өттү” »

06.09.2018
1

2018-жылы 28-августта Назарбаев борборунда Казакстан Республикасынын Конституциясы күнүнө арналган «Конституция: укук үстөмдүгүнүн, жарандык коомдун жана заманбап мамлекеттин баалуулуктарын жүзөгө ашыруу» темасында эл аралык конференция болуп өттү. Анын ишине Казакстандын мамлекеттик түзүмдөрүнүн жетекчилери, кадырман эл аралык уюмдардын, жыйырмадан ашуун мамлекеттин конституциялык контролдоо органдарынын өкүлдөрү жана белгилүү окумуштуу-укукчулары катышты. Конституциялык палатанын атынан бул иш-чарага төраганын орун басары Куанбек Киргизбаев катышты.

 

Continue reading “Астанада Конституцияда укук үстөмдүгүнүн, жарандык коомдун жана заманбап мамлекеттин баалуулуктарын жүзөгө ашыруу маселелери талкууланды” »

03.09.2018
Untitled-1

Ушул жылдын 30-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын социалдык-экономикалык,  интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө карата «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

 

Аталган жарлыкка ылайык Киргизбаев Куанбек Манаевичке - Конституциялык палатанын төрагасынын орун басарына «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи» деген ардактуу наам ыйгарылды.

13.07.2018
IMG_0142
аотапрвапвкпкп

 

05.07.2018
2018-жылдын 15-мартында О.И. Василенконун кызыкчылыгын кѳздѳгѳн К.А. Каунаштын Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 375-беренесинин 2-бѳлүгүн, 379-беренесинин 1, 4, 5-бѳлүктѳрүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бѳлүгүнүн 8-пунктуна жана 40-беренесинин 2-бѳлүгүнѳ карама-каршы келет деп таануу жѳнүндѳ кайрылуусу келип түшкѳн. Continue reading “Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2018-жылдын 23-апрелиндеги № 14 аныктамасына Ольга Ивановна Василенконун кызыкчылыгын кѳздѳгѳн Калдыбай Ашимбекович Каунаштын даттануусун кароо жѳнүндѳ иш боюнча пресс-релиз” »
28.06.2018

17 апреля 2018 года поступило обращение гражданина Абдыкадырова А. о проверке конституционности статьи 7, пункта 13 части 1 статьи 12 Закона Кыргызской Республики «О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве» и признании их противоречащими части 3 статьи 93 Конституции Кыргызской Республики.
Определением коллегии судей от 22 мая 2018 года № 21, на основании пункта 2 части 3 статьи 28 конституционного Закона «О Конституционной палате Верховного суда Кыргызской Республики» в принятии ходатайства к производству было отказано.
Не согласившись с вышеуказанным определением, Абдыкадыров А., 11 июня 2018 года обратился с жалобой в Конституционную палату.
Конституционная палата, рассмотрев жалобу 28 июня 2018 года, оставила ее без удовлетворения.
Конституционная палата в своем постановлении отметила, что заявитель не указал какие конституционные права и свободы человека и гражданина нарушены нормами Закона Кыргызской Республики «О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве» конституционность которых оспаривается. В соответствии с частью 7 статьи 97 Конституции Кыргызской Республики у физических и юридических лиц право на обращение в Конституционную палату Верховного суда Кыргызской Республики возникает лишь тогда, когда права и свободы человека и гражданина нарушены или могут быть нарушены оспариваемой нормой.
Заявитель же в своем обращении ставит вопрос о конституционности нахождения судебного департамента в системе судебной власти.
Однако такого рода вопросы могут быть поставлены только соответствующими органами власти в связи с кругом их компетенции.
В связи с чем, Конституционная палата Верховного суда Кыргызской Республики не видит оснований для отмены определения коллегии судей и удовлетворения жалобы заявителя.

25.06.2018

Учурдагы жылдын 22-23-июнь күндөрү Венецияда Укук аркылуу демократия үчүн Европа комиссиясынын (Венеция комиссиясы)115-пленардык сессиясы  болуп өттү. Пленардык сессиясынын ишине Конституциялык палатанын төрагасы Эркинбек Мамыров катышып келди.

 

Continue reading “Венеция комиссиясынын 115-пленардык сессиясы болуп өттү” »

19.06.2018

2017-жылдын 19-апрелинде жаран З.К. Курмановдун Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ» 2015-жылдын 24-июлундагы № 190 Мыйзамынын конституциялуулугун текшерүү жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесине, 9-беренесинин 3-бөлүгүнө, 16-беренесинин 2, 3-бѳлүктѳрүнѳ, 20-беренесинин 1-бѳлүгѳнѳ, 40-беренесине, 42-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ, 53-беренесине, 97-беренесинин 6, 7, 11-бѳлүктѳрүнѳ карама-каршы келет деп таануу жөнүндө кайрылуусу келип түшкөн. Continue reading “Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 29-майындагы № 27 аныктамасына Зайнидин Карпекович Курмановдун даттануусун кароо жѳнүндѳ иш боюнча пресс-релиз” »