Меню навигации+

Жаңылыктар

22.07.2016
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 20-июлундагы № 163 Жарлыгы менен «Кыргыз Республикасынын судьяларынын макамы тууралуу» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 8-10-беренелерине ылайык Конституциялык палатанын судьялары К.Абдиевге жана К.Киргизбаевге жогорку квалификациялык класс ыйгарылды.   Судьялар Ч. Айдарбековага, М.Бобукеевага, Э.Осконбаевге жана Ж.Саалаевге биринчи квалификациялык класс ыйгарылды. Continue reading “Конституциялык палатанын судьяларына квалификациялык класстар ыйгарылды” »
18.07.2016
I28A8624

 

Нургазы Аманбаев конституционализм жайкы мектебинин катышуучусу өзүнүн жайкы сөзүндө белгилеп кетти. Конституциялык палата журналисттер үчүн уюштурган жалпы республикалык мелдештен экинчи орун алган үчүн конститционализмдин жайкы метебине катышууга мүмкүнчүлүк алган. Студент катышуучуларга өзү жазган ырын окуп берип, дүркүрөгөн кол чабууларга ээ болду (үзүндүсү төмөн жагында).

Continue reading “«Конституциялык палатанын судьялары – бул Конституциянын жандуу сепили»” »

15.07.2016
1

Үстүбүздөгү жылы 13-15-июлда Ыссык-Көлдүн жээгинде КР ЖС Конституциялык палата жактоочулар, ченем жаратуучу органдардын өкүлдөрү жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү үчүн конституционалдуулуктун жайкы мектебин өткөрдү.

Жайкы мектеп катышуучулардын Конституциялык палатанын ишмердүүлүгү жѳнүндѳ, конституциялык сот өндүрүшүнө кайрылуу берүү жана катышуу тартиби тууралуу билим деңгээлин жогорулатуу үчүн өткөрүлдү. 

 

Continue reading “Конституциялык палата жактоочулар, ченем жаратуучу органдардын өкүлдөрү жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү үчүн конституционалдуулуктун жайкы мектебин өткөрдү” »

15.07.2016
2016-07-15_12-18-46_125328

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагасы Эркинбек Мамыровду кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысы өлкө жарандарынын конституциялык укуктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат алды. Эркинбек Мамыров ошондой эле талаш-тартыш жараткан ченемдердин конституциялуулугун текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган укуктук жөнгө салууда укуктук кенемтелердин бар экендиги көрсөтүлгөн Конституциялык палатанын чечимдеринин  мамлекеттик органдар тарабынан аткарылышынын абалы жөнүндө да айтып берди. Ал укуктук жөнгө салуудагы кенемтелерди өз убагында толтурбоо жарандардын жана юридикалык жактардын Конституцияда кепилденген укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын бузулушуна алып келет деп белгиледи.

 

Continue reading “Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагасы Эркинбек Мамыровду кабыл алды” »

30.06.2016
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялары ѳз жыйынында Конституциялык палатанын төрагасын, төраганын орун басарын, судья-катчыны кайрадан шайлашты. Continue reading “Конституциялык палатада төраганы, төраганын орун басарын, судья-катчыны кайрадан шайлоо болуп ѳттү” »
20.06.2016
Конституциялык палатанын 2016-жылдын 15-июнундагы Токтому менен Кыргыз Республикасынын Жогорку соттун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 1 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Конституциялык палатасынын Регламентине өзгөртүүлөр киргизилди. Continue reading “Конституциялык палатанын Регламентине Төраганы, Төраганын орунбасарын жана судья-катчыны шайлоо жагында өзгөртүүлөр киргизилди” »
15.06.2016

 

2016-жылдын 14-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасында төрага М. Касымалиев жана судьялар Ч. Айдарбекова, Э. Осконбаев менен Венеция комиссиясынын делегаттары Арис Цимдарс - Латвиянын шайлоо комиссиясынын төрагасы, Питер Вордл – шайлоо укугу маселелери боюнча эксперт (Улуу Британия), Владимир Гросу –Венеция комиссиясынын Молдовадан мүчөсүнүн орун басары, Светлана Анисимова – Европа Кеңешинин Венеция комиссиясынын регионалдык кызматташуу программалар бөлүмүнүн Борбордук Азиядагы долбоорлор боюнча менеджеринин курамында жолугушуу болуп өттү.

Continue reading “Венеция комиссиясынын өкүлдөрү шайлоо укугу тармагындагы Конституциялык палатанын ишмердүүлүгүн жогору баалашты” »

13.06.2016
_VIV3666

 

 

Кыргызстанда 10-июнда ««Мамлекеттик бийлик бутактарынын арасындагы ооздуктоо жана тең салмактуулук тутумунун натыйжалуу иштешиндеги конституциялык контролдоо органынын орду жана мааниси» темасындагы Кыргызстандагы БУУѲП колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы уюштурган эл аралык конференция өз ишин аяктады.

Continue reading “Жакынкы жана алыскы чет мамлекеттеринин конституциялык сотторунун өкүлдөрү ооздуктоо жана тең салмактуулук тутумундагы конституциялык контролдоо органынын орду жана мааниси жѳнүндѳ маселени талкуулашты” »

09.06.2016
IMG_3788

Бүгүн Кыргызстанда ««Мамлекеттик бийлик бутактарынын арасындагы ооздуктоо жана тең салмактуулук тутумунун натыйжалуу иштешиндеги конституциялык контролдоо органынын орду жана мааниси» темасындагы эл аралык конференция ѳз ишин баштады, Кыргызстандагы БУУѲПтун долборуунун колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы уюштурган.

Continue reading “Кыргызстанда ооздуктоо жана тең салмактуулук тутумунда конституциялык контролдоо органынын орду жана мааниси жѳнүндѳ эл аралык конференция башталды” »

06.06.2016
2016-жылдын 9-10-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы «Мамлекеттик бийлик бутактарынын ортосунда ооздуктоо жана тең салмактуулук системасын натыйжалуу ишке ашырууда конституциялык контролдоо органдарынын орду жана мааниси» темасында эл аралык конференция уюштурууда. Continue reading “Конституциялык палата эл аралык конференция өткөрөт” »
02.06.2016

 

1-июнда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын базасында (КР ПМБА) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын кызматкерлери үчүн «Расмий иш чараларды, конференцияларды, тегерек столдорду даярдоо жана өткөрүү» темасына тренинг өттү.

Continue reading “Конституциялык палатанын кызматкерлери КР ПМБА корпоративдик окуудан өтүштү” »

19.05.2016
154A5734
17-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Төрагасы М. Касымалиев жана Орусия Федерациясынын Конституциялык сотунун Төрагасы В. Зорькин  Конституциялык палата менен Орусия Федерациясынын Конституциялык соту ортосундагы кызматташуу жѳнүндѳ меморандумга кол коюшту. Continue reading “Конституциялык палата менен Орусия Федерациясынын Конституциялык соту Кызматташуу жѳнүндѳ меморандумга кол коюшту” »
07.05.2016
DSC_8724

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнө арналып студенттердин арасында өткөрүлгөн «Конституция – мамлекеттин негизги мыйзамы» темасындагы республикалык сынактын жеңүүчүлөрүнө белектерди тапшырды, ошондой эле Бишкек шаарынын Жогорку окуу жайларынын юридикалык факультеттеринин студенттери үчүн Ачык эшиктер күнүн өткөрдү.

Continue reading “Конституциялык палата студенттер арасындагы конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктады” »

28.04.2016
DSC_0412

 

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялары Конституция күнүнө карата студенттер үчүн меймандык лекцияларды өткөрүштү. Анда, судья Курмантай Абдиев Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттеринин алдында чыгып сүйлѳдү, судья Меергуль Бобукеева И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин студенттерине лекция окуду.

Continue reading “Конституциялык палатанын судьялары студенттерге лекция окушту” »

22.04.2016

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасында Конституциялык палата менен Бишкек шаарынын жождорунун ортосундагы кызматташтык жѳнүндѳ меморандумга кол коюу боюнча салтанаттуу иш чара өткөрүлдү. Иш чарага Конституциялык палатанын судьялары, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин ректору Ч.А. Адамкулова, КР Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын ректору Н.Т. Айтмурзаев, КР Ѳкмѳтүнѳ караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын проректору А.Ш. Мамбеткулов, Б.Н. Ельциндин атындагы Кыргызстан-Россия Славян Университетинин проректору Л.Ч. Сыдыкова, ошондой эле аталган жождордун конституциялык укук кафедраларынын декандары, окутуучулары катышышты.

Continue reading “Конституциялык палата менен жождордун ортосундагы кызматташтык жѳнүндѳ меморандумдарга кол коюлду” »

01.04.2016
IMG_0801

Бүгүн Борбордук Азиядагы Эл аралык университеттин 1-курсунун студенттери Конституциялык палатанын ишмердүүлүгү менен жакындан таанышышты. Студенттер менен жолугушуу учурунда Палатанын судьялары жана кызматкерлери Конституцияны жана адамдын укуктары менен эркиндиктерин коргогон орган катары Конституциялык палатанын милдеттери жана функциялары, ошондой эле Конституция, анын коомдогу ролу жѳнүндѳ айтып беришти. Белгилеп кетчү нерсе, студенттердин Конституциялык палатага келүүсү адаттагыдай жана жакшы кѳрүнүш болуп калды, мында ар бир адамга жылуу мамиле кылуу менен бардык кызыктырган суроолоруна жооп беришүүгѳ даяр. Continue reading “Борбордук Азиядагы Эл аралык университеттин студенттери Конституциялык палатада” »

28.03.2016
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялары жана аппараттын кызматкерлери Бишкек шаарынын эң кооз жерлеринин бири болгон Эркиндик бульварында ишембилик ѳткѳрүштү. Continue reading “Конституциялык палатанын судьялары жана аппараттын кызматкерлери ишембилик ѳткѳрүштү” »
25.03.2016
БУУѲПнын «Кыргыз Республикасында тынчтыкты жана туруктуулукту алдыга жылдыруу үчүн укуктун үстѳмдүгүн бекитүү» долбоорунун техникалык колдоосу астында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнѳ карата «Конституция – мамлекеттин негизги мыйзамы» темасында студенттер арасында конкурс жарыялайт. Конкурс студенттердин мамлекеттин негизги мыйзамы болгон Конституцияга мамилесин ачкан эң жакшы материалдарды (эссе, дил баян, аңгеме, ыр, видео жана фотоматериалдар, сүрѳт жана башка кѳркѳм жана интеллектуалдык чыгармачылыктын натыйжасы) аныктоо максатында ѳткѳрүлѳт. Continue reading “Конституция күнүнѳ карата студенттер үчүн республикалык конкурс” »
29.02.2016
26-февралда Бишкекте «Кыргызстандагы соттук тажрыйбаны жалпылоо маселелери» темасында тегерек стол болуп ѳттү, анда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Конституциялык палатанын судьялары, юридикалык коомчулуктун, илимий чѳйрѳнүн, жарандык коомдун ѳкүлдѳрү катышышты.   Тегерек столдун максаты Кыргызстандагы соттук тажрыйбаны жалпылоонун бирдиктүү усулдарын түзүү үчүн соттук тажрыйбаны жалпылоо чѳйрѳсүндѳгү маселелерди талкулоо болду. Continue reading “Бишкекте соттук тажрыйбаны жалпылоо маселелери талкууланды” »