Меню навигации+

Конституциялык палатага кайрылуу тартиби

Мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды конституциялык эмес деп табуу жөнүндө Конституциялык палатага кайрылуу укугу төмөнкүлөргө таандык:

 

1) жеке же юридикалык жакка (жактарга);

2) Жогорку Кеңешке;

3) Жогорку Кеңештин фракциясына (фракцияларына);

4) Президентке;

5) Өкмөткө;

6) Премьер-министрге;

7) Кыргыз Республикасынын судьясына (судьяларына);

8) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына;

9) Башкы прокурорго;

10) Акыйкатчыга (Омбудсменге).

 

Видеоролик

 Ѳтүнүчтүн үлгүсүн жүктөп алуу 

Кененирээк маалымат

Мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды конституциялык эмес деп табуу жөнүндө Конституциялык палатага кайрылуу укугу төмөнкүлөргө таандык:

1) жеке же юридикалык жакка (жактарга);

2) Жогорку Кеңешке;

3) Жогорку Кеңештин фракциясына (фракцияларына);

4) Президентке;

5) Өкмөткө;

6) Премьер-министрге;

7) Кыргыз Республикасынын судьясына (судьяларына);

8) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына;

9) Башкы прокурорго;

10) Акыйкатчыга (Омбудсменге).

Жеке же юридикалык жак (жактар,) эгерде ал Конституцияда таанылган анын укуктары жана эркиндиктери мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда бузулган деп эсептесе, Конституциялык палатага кайрылууларды өтүнүч таризинде берет.

Жогорку Кеңеш, Жогорку Кеңештин фракциясы (фракциялар), Президент, Өкмөт,  Премьер-министр, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Башкы прокурор, Акыйкатчы Конституциялык палатага кайрылууларды сунуштама таризинде берет.

Кыргыз Республикасы үчүн күчүнө кире элек эл аралык келишимдердин конституциялуулугу жөнүндө корутунду берүү сунуштамасы менен кайрылуу төмөнкүлөргө таандык:

- Жогорку Кеңешке;

- Жогорку Кеңештин фракциясына (фракцияларына);

- Президентке;

- Өкмөткө;

- Премьер-министрге.

Конституцияга өзгөртүүлөр тууралуу мыйзамдын долбоору боюнча корутунду берүү жөнүндө сунуштамасы менен кайрылуу төмөнкүлөргө таандык:

- Жогорку Кеңешке;

- Жогорку Кеңештин фракциясына (фракцияларына);

- Президентке;

- Өкмөткө;

- Акыйкатчыга (Омбудсменге).

Судья (судьялар) суроо-талап таризиндеги кайрылууларды беришет.

Конституциялык палатага кайрылуу жазуу жүзүндө берилет жана укук берилген адам (адамдар) тарабынан кол коюлат.

Кайрылуу, ошондой эле ага тиркелген материалдар мамлекеттик же расмий тилде берилет.

Кайрылууда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) Конституциялык палатанын аталышы;

2) кайрылуучунун аталышы, дареги жана ага тиешеси бар башка зарыл маалыматтар;

3) кызмат орду боюнча өкүлчүлүктү кошпогондо, кайрылуучунун өкүлүнүн аталышы, дареги жана анын ыйгарым укуктары жөнүндө маалыматтар, ага тиешеси бар башка маалыматтар;

4) конституциялуулугу текшерилүүгө жаткан ченемдик укуктук актыга кол койгон же аны чыгарган мамлекеттик органдын, кызмат адамынын аталышы, дареги;

5) Конституциялык палатага кайрылууга укук берген Конституциянын жана  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндөгү конституциялык  мыйзамдын ченемдери;

6) тарап өзүнүн талабын негиздеген жана өзү берген фактыларды ырастаган жагдайлар;

7) талашылып жаткан ченемдик актынын толук аталышы, номуру, кабыл алынган датасы, жарыяланган булактары жана башка реквизиттери;

8) конкреттүү, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндөгү конституциялык мыйзамда көрсөтүлгөн кайрылууну кароо негиздери;

9) кайрылуучунун коюлган маселе боюнча көзкарашы жана аны Конституциянын ченемдерине шилтеме менен укуктук негиздемеси;

10) Конституциялык палатага сунуштама, өтүнүч, суроо-талап менен байланышкан кайрылуунун талабы;

11) тиркелген документтердин тизмеги.

Кайрылууга төмөнкүлөр тиркелет:

1) кайрылуучу тарап конституциялуулугун толугу менен же айрым бөлүгүндө талашып жаткан ченемдик укуктук актынын текстинин көчүрмөсү;

2) өкүлчүлүк кызмат орду боюнча жүргүзүлүүчү учурларды кошпогондо, өкүлдүн ыйгарым укуктарын тастыктоо күбөлүгү же башка документ.

Зарыл учурда кайрылууга Конституциялык палатанын жыйналышына чакырылууга жаткан адамдардын тизмеси, алардын даректери, ошондой эле башка документтер жана материалдар тиркелүүсү мүмкүн.

Конституциялык палатага кайрылуулар почта корреспонденциясы түрүндө жиберилиши мүмкүн, ошондой эле Конституциялык палатанын аппаратына түздөн-түз өткөрүлүшү мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө конституциялык мыйзамдын талаптарына жооп берүүчү сунуштамалар, өтүнүчтөр жана суроо-талаптар таризиндеги Конституциялык палатага кайрылуу Конституциялык палатада  каралуучу иштин себептери болуп эсептелет жана Конституциялык палатаны өндүрүшкө кабыл алуу маселесин чечүүгө милдеттендирет.

Келип түшкөн кайрылууну сот өндүрүшүнө кабыл алуу жөнүндө маселеси, кайрылуу катталган учурдан тартып отуз жумушчу күндүн ичинде Конституциялык палатанын үч судьядан турган коллегиясы тарабынан чечилет.

Коллегия кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан төмөнкү учурларда баш тартат:

1) эгерде кайрылуу таризи жана мазмуну боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндөгү конституциялык  мыйзамдын талаптарына ылайык келбесе;

2) эгерде кайрылуу тиешелүү эмес органдан же жактан (субъекттен) келип түшсө;

3) эгерде кайрылуу тараптын Конституциялык палатада иш жүргүзүүгө ыйгарым укуктарга ээ болбогон өкүлү тарабынан берилсе же болбосо өкүл Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндөгү конституциялык  мыйзамда каралбаган адам болуп эсептелсе;

4) эгерде кайрылууда билдирилген талап Конституциялык палатанын кароосуна караштуу болбосо;

5) эгерде кайрылууда көрсөтүлгөн маселенин конституциялуугу Конституциялык палата тарабынан текшерилсе жана анын өз күчүн сактаган актысы бар болсо.

Конституциялуулугу талашылып жаткан актыны жокко чыгаруу же анын күчүн жоготушу кайрылууну Конституциялык палатанын өндүрүшүнө кабыл алуудан баш тартууга алып келет.

Кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө же болбосо аны кабыл алуу тууралуу аныктама тараптар тарабынан Конституциялык палатага даттанылышы мүмкүн.

shema-obr1kg

Кайрылууга коюлган талаптар

shema-obr2kg