Меню навигации+

АЙДАРБЕКОВА Чинара Аскарбековна

DSC_0203 1

Конституциялык палатанын судьясы

1970-жылдын 11-мартында Талас областынын Ленинполь районунун Ленинполь айылында туулган, 1987-жылы Ленинполь орто мектебин күмүш медалы менен аяктаган.

1992-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кырыгыз Мамлекеттик Университетин юридикалык факультетин жана 2000-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы башкаруу Академиясын аяктаган, мамлекеттик башкаруу магистри даражасына ээ.

Ч.А. Айдарбекова озүнүн эмгек ишкердигин 1992-жылы Бишкек шаарынын Биринчи май райондук элдик депуттар кеңешинин административдик комиссиясынын катчысы болуп баштаган жана 1993-жылы депутаттар менен иштѳѳчү адис болуп которулган.

1997-жылдын март айынан 1998-жылдын февраль айына чейин Кыргыз Республикасынын Мамлекттик мүлк Фондунун башкы адиси болуп иштеген. 1998-жылдын февраль айынан 1999-жылдын сентябрь айына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу Жыйынын улук консультанты.

1999-2006-жылдары Ч.А. Айдарбекова АРД/Чекки (ЮСАИД) комерциялык укукту ѳнүктүрүү проектинде башында юрист катары, андан ары улук юрист жана улук юрист-менеджер катары иштеген. Ошол эле мезгилде соттук-укуктук жана Кыргызстандагы агрардык жер реформалары проекттеринде активдүү катышкан. Ошондой эле Жарандык кодекске Комментарийдин (6 томдон турган), Орусча-кыргызча юридикалык терминдердин жана түшүнүктѳрдүн Сѳздүгүнүн, жана башка ЮСАИД Проектинен басылган публикациялардын соавтору.

2005-2007-жылдары Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн алдындагы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын Магистратура, аспирантура жана башка улуттук билим берүү программалар борборунда конституциялык укук предмети боюнча улук мугалим болуп иштеген.

2007-2013-жылдары Ч.А. Айдарбекова Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде иштеген, башында Чуй областтык юстиция башкармалыгынын башчысы катары, андан кийин ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлодун экспертизалоо Башкы башкармалыгынын жетектѳѳчүсү катары. Активдүү иши үчүн Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн Ардак грамотасы жана анын ардак белгиси менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мааракелик медалы менен сыйланган, юстициянын биринчи класстагы кеңешчиси класстык чини ыйгарылган.

2013-жылдын 15-майында Чинара Аскарбековна Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясы болуп шайланган, ал эми 2013-жылдан 2016-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судья-катчысы болгон.

2016-жылдын 1 июлунан баштап Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясы.

Ч.А. Айдарбекова 15тен ашык илимий публикациялардын автору, алардын ичинде «Настольная книга судьи» эки басылмасынындагы статьялар. «Ассоциация Юристы Кыргызстана» коомдук бирикмесинин активдүү мүчѳсү, КМЮАнын магистратура борборунда сабак берет.