Меню навигации+

Конституциялык палатанын имараты жѳнүндѳ

SAG_3256Эркиндик проспектиси, 39 дареги боюнча жайгашкан  Конституциялык палатанын имараты 1941-жылы, Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында  архитектор В.В. Верюжскийдин долбоору боюнча курулган.

Имараттын архитектурасы классицизм рухунда, архитектурасы монументалдык искусство менен бирдиктештирилген, бет жагы симметриялуу, кириш жагы портик менен бөлүнүп белгиленген, бай архитектуралык декор колдонулган.

Фронтондун фризиндеги «Эмгек Кыргызстан» чоң скульптуралык барельеф 1940-1942-жылдары СССРдин Эл сүрөтчүсү Мануйлова Ольга Максимилиановна тараптан аткарылган. Фронтондун фризи Кыргызстанда имараттардын сырткы кооздосунда барельефти колдонуунун биринчи тажрыйбасы болуп эсептелген. Рельефтин композициясы куруудагы сюжеттүүлүгү жана терең маанилүүлүгү менен өзгөчөлөнөт. Фризде жумушчулардан, дыйкандардан, аскерлерден, балдардан турган адамдардын тобунун кадамдуу кыймылы жайылган.

1941-1991-жылдары имаратта Кыргыз ССРнин прокуратурасы, кийин Бишкек шаарынын прокуратурасы жайгашкан.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети «Бишкек шаарында жайгашкан Кыргызстан Компартиясынын имараттарын жана мүлкүн мындан ары бөлүштүрүү жана колдонуу жөнүндө» 1991-жылдын 1-октябрындагы №486 токтому менен имаратты СССРдин Тышкы экономикалык банкынын Кыргыз бөлүмүнүн балансына өткөрүлүп берилген. 1994-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын  6-июлундагы №473 токтому менен имарат  Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун балансына өткөн.

Кыргыз ССРнин Эл депутаттарынын Фрунзе шаардык кеңешинин аткаруу комитетинин 1981-жылдын 9-июлундагы № 339 чечими менен имарат, ошондой эле «Эмгек Кыргызстан» фронтонунун фризи архитектуранын жана искусствонун эстелиги болуп таанылган.

Кыргыз ССРнин Министрлер Кеңешинин 1988-жылдын 13-сентябрындагы №331 токтому менен  Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун имараты маданият жана искусство тарыхынын эстеликтери категориясына киргизилген жана мамлекеттик коргоонун астында турат.