Меню навигации+

Персоналды башкаруу жана документациялык камсыз кылуу бөлүмү

 

Бөлүмдүн милдеттери жана функциялары

Төмөнкүлөр бөлүмдүн милдеттери болуп саналат:
— ички жана тышкы, анын ичинде электрондук документ жүргүзүү, иш жүргүзүү; 
— каралып бүткөн иштердин сакталышын белгиленген тартипте уюштуруу;
— Конституциялык палатанын актыларынын тексттерин жана башка документтерин мамлекеттик жана расмий тилдерге которулушун, ошондой эле алардын ички макулдашуусун жана шайкештигин камсыз кылуу;
— кадр маселелеринин жүргүзүлүшүн, ошондой эле бош административдик мамлекеттик кызмат орундарына конкурстарды уюштурууну камсыздоо;
— «Кадрлар» автоматташтырылган системанын жүргүзүлүшүн камсыздоо;;
— Төраганын жана Аппарат жетекчисинин тапшырмасы боюнча Конституциялык палатанын кызыкчылыктарын соттун жалпы юрисдикциясында көздөө;
— Конституциялык палатанын Аппарат жетекчисинин тапшырмасы боюнча конституциялык сот өндүрүшүнө байланышпаган маселелер боюнча келүүчүлөрдү кабыл алуу;
— Конституциялык палатанын иш планынын долбооруна бөлүмдүн ишмерлиги боюнча сунуштарды тиешелүү жылга карата киргизүү;
— Конституциялык палатада жашырындуулук режимин жана «кызматтык пайдалануу үчүн», «жашыруун», «өтө жашыруун» деген эн тамгасы документтердин жүргүлүшүн камсыздоо боюнча чараларды жүзөгө ашыруу;
— Конституциялык палатанын гербдик жана башка мөөрлөрү менен штамптарынын сакталышын камсыз кылуу.


Мусаева Эльнура Нурбековна

elnura_updo

Бѳлүм башчы
1984- жылынын 10-декабрында Фрунзе шаарында туулган.
2007- жылы Кыргыз – Россия Славян университетин «Юриспруденция» адистиги боюнча аяктаган.


ЭМГЕК ЖОЛУ:
[06.2007-11.2007] Кыргыз Республикасынын Конституцияялык сотунун Аппаратынын эл аралык катнаш бөлүмүнүн консультанты;
[11.2007-06.2010] аталган бөлүмдүн улук консультанты;
[08.2008–02.2009] аталган бөлүмдүн башчысынын милдетин аткаруучу.
[07.2013–08.2013] Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Аппаратынын жалпы бөлүмүнүн улук консультанты
[08.2013–09.2017] Укуктук камсыздоо башкармалыгынын улук консультанты
[09.2017] Персоналды башкаруу жана документациялык камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы

 
Байланыш телефону: (0 312) 66-21-53

E-mail: e.musaeva@constpalata.kg